Connect with us

Президент: Балдар арасында теңсиздик жана жакырчылык көйгөйлөрү бар экенин моюнга алуу керек

Кыска кабар | 20 Ноя 2024 | 165 | 0

Мамлекет 2025-жылы бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, же жакыр үй-бүлөдөн чыккан балдардын мектепке чейинки билим алуусуна финансылык ресурстарды багыттайт.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 20-ноябрда Кыргызстандын “Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга” кошулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу кайрылуусунда айтты.

Жапаров балдар арасындагы теңсиздик жана жакырчылык көйгөйлөрү бар экенин моюнга алуу керектигин жана калкты социалдык жактан коргоо чаралары жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын камтууга багытталарын айтты.

“Көптөгөн иштер аткарылды, бирок дагы көп иштер жасалышы керек. Биздин жаңы муундун тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө жогорку квалификациялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн чечкиндүү кадамдарды жасадык жана билим берүү тармагында системалык кайра курууну баштадык.

“Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзам бардык балдарга жана жаштарга өмүр бою жаңы билимдерди алууга жол ачып, билим берүүдөгү жаңы демилгелерге бюрократиялык жана коррупциялык тоскоолдуктарды жок кылат.

Шаарларда гана эмес, айыл жерлеринде, өзгөчө бийик тоолуу жана алыскы аймактарда заманбап мектептерди куруп, жаңы бала бакчаларды ачып, мектепке чейинки билим берүү кызматын өнүктүрүүдөбүз” , — деди өлкө башчы.

Copyright © 2017 Maral FM