Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Текебаевге кол салууга буйрук бергендерди табууну тапшырды

Саясат | 2 Дек 2021 | 4729 | 0

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын 2-декабрдагы жыйынында «Ата Мекен» партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаевге болгон кол салуу боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматы угулду. Кол салган жарандарды жазалоо жана негизги күнөөлүүнү аныктоо иштери боюнча депутаттар сын-пикирлерин айтышып, талаптарды коюшту. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салуу фактысынын негизинде күч органдары жасап жаткан иштер боюнча Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев маалымат берди.

Анын айтымында,1-декабрь саат 15:30 чамаларында ички иштер органдарына Park Hotel мейманканасынын жанында Өмүрбек Текебаевдин денесине белгисиз адамдар залал келтиргени тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалыматтын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу жерине барып, териштирүү жүргүзгөндө, Park Hotel мейманканасынын имаратынын жанында турган Текебаевге белгисиз адамдар келип, күч колдонуп, ачыктан ачык 10 миң сомдук уюлдук телефонун алып, бетке чаап жиберишкени аныкталган.

«Жаран Өмүрбек Текебаев бул окуя боюнча Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Аталган факты Ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда, 3-бөлүмүнүн 3-пунктунда (топтошкон адамдын алдын ала сүйлөшүп алып тоноосу) каралган кылмыштын белгилери менен катталган. Денеге залал келтирүү деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен Жазык кодексинде каралган кылмыштын квалификациясы коюлат».

Эркебек Аширходжаев ошондой эле ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында борбор калаанын криминалдык милициясы Өмүрбек Текебаевге кол салууга шектүү катары Чүй облусунун 1998-жылы туулган тургуну Э.Ы.ны колго түшүргөнүн, Текебаевдин телефону кайтарылганын, учурда башка да шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

«Ата Мекен» фракциясынан депутат Наталья Никитенко саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салуу жөн гана уурулук менен мүнөздөлүп, телефон уурдоого өзгөчө маани берилип жатканын, негизи бул атайын даярдалган кол салуу экенин белгиледи. Ошондой эле ал кол салууга ким тапшырма бергенин жана кимдер аткарганын табууну тапшырды.

Андан тышкары аталган окуянын катышуучулары ким экени, алар кайсы жактан келишкени боюнча маалыматтарын Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялаганын айтып, бул факт боюнча изилдеп чыгып, расмий малымат берүүнү талап кылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова 100гө жакын жигит келген эки автобустун мамлекеттик каттоо номерлери көрүнүп турганына карабастан, алар кимдер экени аныктала электигине таң калып, маалымат көп болсо да, кайдыгер мамиле жасалып жатканын сындады.

«Сиздер эки автобус кайсы жактан келгенин аныктадыңыздарбы? Жадагалса, мамлекеттик номерлери фотодон көрүнүп турат. «5990ВВ» жана экинчиси «5016», №37, №7 автобустар. Бирөөсүнүн түсү кызгылт сары, экинчисинин түсү көк. ЖМКларда аталган автобустардын сүрөттөрү бар. Алардын ичинен жигиттер чыгып, мейманкананы көздөй бара жатканы видеого жазылып калды. Ошонун баарын аныктап чыктыңарбы? Маалыматыңар жетиштүү, кенен. Эмне себептен кайдыгер мамиле кылып жатасыңар? Мен түшүнбөй жатам. Анан бардыгын аныктагандын ордуна эмне үчүн кол көтөргөндөр бизде «манния» болуп калды. Бирөөнүн оозун жабабыз деп, эмне үчүн ушундай жигиттерди кылмышка алып бара жатасыздар? Аларды аныктабай, жалаа жаап коёсуздар да?»

Аталган автобустар боюнча ИИМде да маалыматтар бар экенин, учурда тергөө жүрүп жатканын, ал такталып бүткөндөн кийин расмий маалымат бериле турганын Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев айтты.

Депутат Дастан Бекешов бардык маршруткалар белгилүү болуп, видео байкоого түшкөн кадрлар бар болгондуктан, иликтөө иштерин тездетүүгө чакырды. Анын айтымында, бул окуянын созулушу шайлоонун жыйынтыгына болгон ызы-чууга терс таасир тийгизет.

«Азыр көрүп жатасыз го, шайлоонун жыйынтыктары боюнча кандай ызы-чуу болуп жатат? Бул жерде да атайылап жасалды деген ар кандай сөздөр болушу мүмкүн да. Иликтөөнү бат эле жүргүзсө болот, маршруткалары белгилүү. Ким ошону уюштурду, 70 киши каяктан келди? Карыя кишини сабап, болгондо да жөнөкөй эмес киши. Бул иш уят го, болгондо да кыргыздарда улууларга кол көтөрүү — өтө уят нерсе».

Бекешовдун суроосуна Эркебек Аширходжаев бул иш боюнча президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы бар экенин айтып, обьективдүү текшерилет деп жооп берди.

1-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болгон. Саясатчыга 2 кичиавтобус менен 70тей адам келип, кол салган. Ички иштер органдары окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда Текебаевге кол салган адамды ыкчам аныктоо, өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM