Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Өзүбүздү бүгүнкү бийликке альтернатива деп жарыяладык

Кыска кабар | 9 Окт 2021 | 862 | 0

Бүгүн, 9-октябрда «Ата Мекен» партиясы съездин өткөрдү. Партиянын съезди Максим Горький паркында өттү.

Партия лидери Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» эмне үчүн М.Горький аянтында съезд өткөрүү чечимин кабыл алганын, анын символикалык маанисин түшүндүрдү.

Бийликтин саясатына каяша айткан оппозициялык күчтөр Горький аянтында жыйналып келишкенин белгилеп, “Бүгүнкү Конституцияда оппозицияга эч кандай статус берилбегенине карабай, коомдо, тарыхта биздин ордубуз бар, ошон үчүн биз Горький аянтына жыйналып, өзүбүздүн тарыхый ордубузду ээледик”, — деди Текебаев.

Съездде «Ата Мекен» оппозциялык, альтернативалык саясий күч экенин жарыялады.

«Биз элдик бийликтин, элдик көзөмөлдүн колдоочуларыбыз. Биздин көз карашыбыз, позициябыз бүгүнкү бийликтикинен башкача. Ошон үчүн биз өзүбүздү бүгүнкү бийликке альтернатива деп жарыяладык!», — деди Текебаев.

«Ата Мекен», «Реформа», «Туран», «Эгемен Кыргызстан», «Ак калпак» партиялары, «Каныкей коомдук кыймылы»  «Ата Мекен» партиясы менен биригип шайлоого баратат.

Copyright © 2017 Maral FM