Биз менен байланышыңыз

Депутат болууну каалаган талапкерлер кимдер?

Кыска кабар , Саясат | 7 Сен 2020 | 1294 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого катышууга 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Катталган саясий партиялар 1 миң 957 талапкерди көрсөтүштү, анын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылды. Ошентип жалпысынан 1 миң 912 талапкер катталды. Депутат болууну каалаган талапкерлер кимдер, учурдагы депутаттардын канчасы кайра депутат болууну каалайт? Ар бир партиянын тизмеси негизги талаптарга канчалык жооп берет? Алдыда сиздерге баяндап берем.

Партиялардын тизмесинде аялдарга болгон квота сакталганбы?

Партия түзүүдө жыныстык өзгөчөлүгү боюнча тизмедеги ар бир үчүнчү позиция алмашып турушу керек деген талап бар. Партиялардын БШКга көрсөткөн тизмелеринин негизинде 1 миң 912 талапкердин ичинен 618ин же 32,32%ын аялдар түзөт. “Афганистан согушунун ардагерлеринин саясий партиясы» башка партияларга салыштырмалуу аялдарга көп орун берип, жалпы тизменин 42, 31%ын аялдарга берген. Экинчи орунда «Бир бол» партиясы болуп, анда жалпы тизменин 37%ын аялдар түзөт. Ошондой эле «РЕФОРМА» партиясынын тизмесинин 35,29%ы айымдардан куралган. Ал эми, башка партияларда аялдарга 30%дан 33%га чейин орун берилген.

Ошондой эле партиялардын тизмелеринде улуттук азчылыктардын өкүлдөрү он беш пайызды жана жаштардын катышы он беш пайыздан кем болбошу керек деген талап сакталган.

Учурдагы депутаттардан кимдер шайлоого барат?

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын жарымынан көбү башкача айтканда 61и 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого катыша турган болду. Алардын 26сы азыркы бийликтин партиясы делген «Биримдик» партиясы менен бармакчы. «Биримдик» партиясы менен шайлоого аттанган депутаттардын көпчүлугү мурдагы «КСДП» партиясында болчу. Ошол эле учурда эл арсында Матраимовдорго байланыштырылган «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен учурдагы депутаттардын 10у аттанууда. Ата Мекен» партиясы менен алты жана «Кыргызстан» партиясы менен алты депутат шайлоого барууга ниеттенүүдө.

Мындан сырткары, «Республика» партиясы менен учурдагы 4 эл өкүлү, «Замандаш» партиясы менен 4 депутат, «Бир бол» партиясы менен эки, «Социал Демократтар» партиясы менен эки жана «Мекенчил» партиясы менен бир депутат шайлоого бармакчы.

Талапкерлердин арасынан мурда соттолгондор да чыкты

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» жөнүндө Конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар президенттик кызматка жана Жогорку Кеңештин депутатты болуп шайланууга укугу жок.

БШКнын жыйынында талапкерлердин тизмесин каттоо маселеси каралып жатканда жумушчу топ тарабынан талапкерлердин соттолуп же соттолбогондугу текшерилгендиги айтылып, анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берген.

«Ата Мекен» партиясында 1 талапкер акталган. Дагы бирөө Жоруктар жөнүндө кодекс боюнча айыпталган (ал соттолду деп эсептелбейт).
«Бир Бол» партиясынын 1 талапкеринин кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган. 1 талапкер соттолгон, ошондуктан ал тизмеден чыгарылды.
«Ордо» партиясынын соттолгон 1 талапкери да тизмеден чыгарылды.
«Мекеним Кыргызстан» партиясынын 1 талапкери акталган. Дагы бирөө Жоруктар жөнүндө кодекс боюнча айыпталган (ал соттолду деп эсептелбейт).
«Биримдик» партиясындагы 6 талапкердин кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган.
«Социал-демократтар» партиясындагы соттолгон 1 талапкер тизмеден чыгарылды.
«Республика» партиясындагы 1 талапкер акталган, 1 талапкердин кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган.
«Ыйман нуру» партиясындагы 2 талапкердин үстүнөн козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган. Ал эми бир талапкер Жоруктар жөнүндө кодекс боюнча айыпталган (ал соттолду деп эсептелбейт).
«Мекенчил» партиясындагы 1 талапкердин кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган. 1 талапкер соттолгон, ал тизмеден чыгарылды.
«Мекен Ынтымагы» партиясындагы 2 талапкердин кылмыш иши өндүрүштөн кыскарган. Соттолгон 1 талапкер тизмеден чыкты.
«Замандаш» партиясындагы 4 талапкер акталган.
Соттолгон талапкерлер БШК тарабынан тизмеден алынып же өз эрки менен тизмеден чыгышкан.

Кыргызстандын парламентинде 120 депутаттык орун каралган, бирок жеңип чыккан партия 65 мандаттан ашык ала албайт.
Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды. Ага азыр 15 партия ат салышып жатат. Эгерде БШК каттабай койгон “Бүтүн Кыргызстан” соттон жеңип келсе, 16-болуп кошулат.

Copyright © 2017 Maral FM