Биз менен байланышыңыз

Жөнөкөйлүктүн мааниси

Блог | 20 Ноя 2021 | 3104 | 0

Жөнөкөйлүк — бул көп деле айтыла бербеген сапат. Ал — акыркы учурда бир аз эскиргендей сезилиши мүмкүн, бирок абдан зарыл болгон сапат. Жөнөкөйлүк — өсүүнүн эң күчтүү жана маанилүү белгиси. Жөнөкөй болуу өз ара ишенимди бекемдөөгө жардам берет жана жеке өнүгүүнүн негизги көрсөткүчү. Келгиле, жөнөкөйлүктүн мааниси, аны кантип өнүктүрсө болот жана сиздин көрсөткүчүңүздү кантип жакшыртышы мүмкүн экендиги жөнүндө сүйлөшөлү.

Жөнөкөйлүк деген эмне?

Жөнөкөйлүк аныктамасы — бул сизди башкалардай эле пенде экенинизди тастыктаган жана сизде текебердиктин жоктугун белги берген сезим же мамиле. Бир караганда, жөнөкөйлүк терс сапатка окшойт жана ал керек болсо алсыздыктын белгиси сыяктуу. Чындыгында, жөнөкөйлүк – бул сиздин жашооңузда инсан жана лидер катары өтө алыска жеткире турган касиеттердин бир түрү.

Жөнөкөй эмес адам текебер болот. Өзүн гана ойлогон, өзүн башкалардан жогору койгон, жакшы көргөн адам болот. Менменсинген адамда өз кемчилигин тааныбагандыктан өзүн жакшыртууга орун жок. Жөнөкөй эмес адамда өсүү деген ой-пикир болбойт. Мисалы спортту алсак, дүйнөдөгү эң мыкты мушкер дагы ката кетирет. Дүйнөдөгү эң мыкты машыктыруучу деле күрөш тууралуу көп нерсени билбеши мүмкүн. Спортчу же анын машыктыруучусу өзүнүн алсыз жактарын көрө албаса, алар эч качан өз дараметин толук көрсөтө алышпайт, анткени жашоо — өсүү жана үйрөнүү үчүн бүтпөгөн саякат. Текебердик адамдын жогорку тепкичтерге жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

Эмне үчүн жөнөкөйлүк керек?

Жөнөкөй адамдар жетишкендиктери менен сыймыктанышпайт. Тескерисинче, алар өздөрүнүн күчтүү жактарын бөлүшүү үчүн туура убакытты, жерди жана кантип айтууну да билишет. Төмөндө жөнөкөй болуп жашоо деген эмнени билдирерип мисалдар келтирели.

-Спортто мелдеш аяктаганда жеңсе да жеңилсе да, атаандаштын колун кармап, «жакшы мелдеш болду» деп айта алуу;
-Машыктыруучунун айтканын угуп, таарынбастан өнүгүүгө аракет кылуу;
-Ката кетиргенден кийин кечирим суроо;
-Ийгиликтин баарын өзүңө топтогонго эмес, башкаларга да ийгилик каалоо;
-Сизден алсызыраактарга тоготпостон карабай, алардын өнүгүүсүнө жардам берүү;
-Күчтүү же жогору жактагыларга көрө албастык менен эмес, шыктануу менен кароо;
-Башкаларга караганда өзүң менен көбүрөөк атаандашуу.

Жөнөкөйлүк өзүн-өзү өркүндөтүүнүн байлыгы. Жөнөкөйлүк менен жашоо менен сиз жашооңуздун жакшыртууга муктаж болгон жактарын билесиз. Эгер устатыңыз ийгиликке жетүү үчүн кандайдыр бир техниканы өзгөртүүнү сунуштаса, демек азыркы колдонуп жаткан усулдун максатка ылайыктуу эмес экенин кабыл алышыңыз керек. Бул сиздин калыптанып калган ойлорунуздар арылуу жана устатка болгон ишенимди артырат.

Жөнөкөйлүк ички бакубаттуулукка да жардам берет. Ийгиликсиз болгондо катуу ачуулануу бул — табыгий нерсе. Бирок да жөнөкөйлүк жардамы менен биз куласак кайра бутка туруп, дагы алдыга жылууга дем берет. Сизге парадокс угулушу мүмкүн, бирок адам канчалык жөнөкөй болсо, ошончолук кыйынчылыкка туруктуу жана чыдамкай боло алат. Эгер сиз кулап калсаныз же жеңилсениз, анда өзүңүздүн кемчиликти моюнга алып, тааный алсаңыз, аны өзгөртүүгө аракет кыла аласыз. Ошентип, сиз бийиктикке көтөрүлүп, ийгиликсиздикти сөзсүз жеңесиз.

Жөнөкөйлүккө жетүү үчүн 5 негизги кадам

Биздин максатыбызга жетүү үчүн жөнөкөйлүк канчалык маанилүү экени анык. Кийинки кадам — бул жөнөкөйлүк ой жүгүртүүсүн кантип курууну үйрөнүү, анткени ал дайыма эле өзүнөн-өзү келе бербейт.

Жөнөкөйлүктү өнүктүрүү үчүн беш кадам бар.

1. Ишенимди арттырыңыз
Ишеним — бул толук кандуу жашоонун ачкычы. Ооба, жөнөкөй адам өзүнө ишене алат. Эсиңизде болсун, жөнөкөйлүк бул сиздин алсыз жактарыңызды көрүү гана эмес, бул сиздин күчтүү жактарыңызды таануу, бирок ошол жерде токтоп калбоо. Бул жогору тепкичтерге жана ийгиликтерге жетуу үчүн мумкунчулукторду колдонуу жөнүндө.

Өзүңүздүн ишенимиңизди бекемдөө үчүн көп нерселерди жасай аласыз. Эгер сиз алыска барууну пландабасаңыз да, анда күн сайын эртең менен кийинүү сыяктуу жеңил ыкмаларды колдонуп көрүңүз. Жагымдуу көрүнөм деген ой сиздин ишенинимге терең таасир этет!

Ар бир күндүн аягында жетишкендиктериңиз жөнүндө ой жүгүртүүгө убакыт бөлүңүз жана эстен чыгарбаңыз, ийгилик кичинекей жеңиштерден турат.

2. Суроо бериңиз
Адамдар тынбай суроо беришет жана жөнөкөй адамдар суроо берүү — аларды алсыз кылбасын билишет. Кандайдыр бир нерсе болсо, бой көтөрбөстөн суроо берүү керек. Суроо берүү сизди психикалык жактан да, физикалык жактан да күчтүүрөөк кылат. Устатыңызга үйрөнүүгө даяр экениңизди жана чындап аракет кылып жатканыңызды көрсөтүңүз. Жаңы нерсени үйрөнүп жатканда, түшүнүүнүн өзүнө да убакыт керек. Суроо берүү бул процессте жардам берет.

Окуучулук жылдарыңызды эстеңиз. Эгер сиз эч качан суроо бербесеңиз эмне болот эле? Албетте, эч нерсе үйрөнө албайт элениз. Эгер сиз эргүү издесеңиз гана ийгиликке жетериңизди унутпаңыз. Эгер машыгуу планынында түшүнбөгөн нерсе болсо, устаттан башка жол менен түшүндүрүп берүүсүн же көрсөтүүнү сураныңыз. Суроо берүүдөн коркуу сиздин максаттарыңызга жетүүңүздү чектеши мүмкүн.

3. Комфорт зонадан чыгыңыз
Жетекчи болгон адам комфорт зона деген эмне экенин жакшы билет. Адамдар эч нерсе кызыкпай коопсуз жагдай таап алышат. Бул жөнүндө Gloveworx ээси Лейон Азубуике эң сонун айткан: «Сиз ыңгайсыз болуу үчүн ыңгайлуу болушуңуз керек, ошондо сиз токтото алгыс болуп каласыз».

Эгер сиз өзүңүздүн ыңгайлуу зонаңыздан чыкпасаңыз, сиздин максаттуу инсан экениңизге эч ким ишенбейт. Ар бир жаңы нерсени аракет кылып көрүңүз; кийин өзүңүзгө рахмат айтасыз. Сиздин аткара турган тизмеңизде эмне бар? Парашюттан секирүү? Жаңы жерлерге саякатоо? Жаңы адамдар менен таанышуу? Булардын көбү сиздин комфорт зонаңыздан тышкары болушу мүмкүн, бирок сиз дагы эле аларды кылгыңыз келет. Күн сайын жаңы нерсени жасап көрүңүз, мисалы, йога сабагы же көркөм галереяга баруу. Ошондо сиз өзүңүз жөнүндө мурда билбеген нерсени биле аласыз!

4. Максаттарыңызды эске салыңыз
Спортчу болсоңуз эмне үчүн машыгып жатасыз? Күн сайын эртең менен эмне үчүн жасап жатканыңызды жана максаттарыңызга кантип жете аларыңызды эстетип туруңуз. Муну менен сиз кылып жаткан ишиңиздин маанилүүлүгүн түшүнүп, максаттарыңызга жетүүгө жардам берип, башкалардын шыктануусуна түрткү бере аласыз.

Максаттарыңызды журналга жазып көрүңүз жана аны күн сайын эртең менен ойгонгондон кийин окуп көрүңүз. Ошентип, алар күнү бою башыңызга кирип калат. Жеке өсүү жана ийгилик үчүн конкретуу жана реалдуу максаттарды коюуну сөзсүз түрдө колдонуңуз.

5. Өзүңдүн жүрүм-турумуңуз жөнүндө ой жүгүртүнүз
Эгер сиз жагымсыз иш кылсаңыз, бул сиздин жашооңуга терс таасирин тийгизет. Позитивдүү ой жүгүртүү жонокой болууга жардам берет. Сиздин жүрүм-турумуңузду чагылдыруунун эң ийгиликтүү ыкмаларынын бири — максаттарыңыз менен бирге журналга жазуу. Сиздин жүрүм-турумуңуз ошол максаттарга жетүүңүзгө жардам берип жатабы же алардан алыстатып жатабы? Тренинг учурунда эмне жакшы болуп, эмнеси болбой калганын документтештирүү менен, сиз өз аракеттериңизден сабак ала аласыз. Бул жерде сиздин жүрүм-турум жөнүндө ой жүгүртүп жатканда эске алуу керек болгон нерселер бар:

Күчтүү жана алсыз жактар
Позитивдүү жактарга көңүл буруп, өзүңүздүн күчтүү жактарыңызды эсиңизге салуу маанилүү. Бүгүн эмнени жакшы жасай алдыңыз? Кантип мындан ары да жакшырта аласыз? Жетишкендиктериңиз менен сыймыктануу, дагы да өсүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин жокко чыгарбайт.

Андан тышкары, алсыз жактарыңызды карап чыгуу маанилүү, анткени алар ар бир адамда бар. Эмненин үстүндө иштешиңиз керек? Түшүнбөй жаткан нерсе барбы, сиз суроо беришиңиз керекпи? Эмне туура эмес кылып жатасыз? Эгер сиз өзүңүздүн алсыз жактарыңызды моюнга алып, аларды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк катары карасаңыз, жеке өсүшүңүздү өрчүтө аласыз.

Ишенимдерди өзгөртүү
Максаттарыңызга, өзгөчө физикалык көнүгүүлөргө жетүү, ишенимиңизди өзгөртө башташы мүмкүн. Идеяларыңызды жазыңыз жана убакыттын өтүшү менен ой жүгүртүүңүз кандай өзгөргөнүнө көңүл буруңуз. Бул өзгөрүүлөрдүн себептери жөнүндө сын көз менен ойлонуп көрүнүз.

Үлгү моделдери
Жөнөкөй жетекчи болуу абдан маанилүү; бийлик маселесинде эго эч кандай роль ойнобойт. Журналыңызда сиз суктанган лидерлик ролдорду аткаргандар жөнүндө жазыңыз. Андан кийин тереңирээк сүңгүп, ал суктануунун себептерин аныктаңыз. Эмне үчүн аларга суктанып карайсыз? Алар кандай сапаттарга жана өзгөчөлүктөргө ээ? Ошол сапаттарды кантип өз жашооңузга алып келе аласыз?

Жөнөкөйлүк биз жөн эле жете турган нерсе эмес, бул андан алда канча көп нерсе. Жакшы адам болуш үчүн бизге жөнөкөйлүк керек. Демек, жөнөкөйлүк адамдын жүрүм-турумунун бир түзүмү болуп саналат. Эгер устатыңыз сизге жаңы нерсени үйрөтсө, сиз эң жакшы аракетиңизди жасаңыз жана машыгуу менен алга жылыныз. Жогоруда айтылгандай, спорттук арена жүрүм-турумда жөнөкөйлүктү чагылдырат. Оң маанайда болуңуз жана ар бир машыгуудан кийин устатыңызга ыраазычылык билдириңиз.

Жөнөкөй болууну унутпаңыз!
Жөнөкөйлүк биздин ким экенибизди жана бизди адам кылган нерсени кабыл алуудан башталат. Мунун натыйжасында сиз жашоого болгон көз карашыңызды башкара аласыз. А.Л.Кеннеди айткандай: «Көбүрөөк жөнөкөй болгула. Сиз өз мүмкүнчүлүктөрүңүздүн чегин билбей турганыңызды унутпаңыз. Ийгиликтүү болобу, жокпу, эгер сиз өзүңүздүн мумкунчулук чегинен чыгууга аракет кыла берсеңиз, анда өзүңүздүн жашооңузду байытасыз, балким бир нече бейтааныш адамдарды да кубантасыз». Жөнөкөй болуу маанилүү жашоо жөндөмү. Аны менен биз бактылуу жашоону тандай алабыз.

Которгон: Дүйшөн Шаматов, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору.

Макаланын түп нускасы «The Importance of Humility» деген аталыш менен www.gloveworx.com сайтына жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM