Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын билим берүү мыйзамы кандай болушу керек?

Блог | 8 Фев 2022 | 766 | 0

Өткөн жылдын 20-декабрында Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө мыйзамынын долбоорун демилгелеген. Бирок билим берүү тармагындагы бир катар уюмдар, мекемелер жана адистер аталган долбоорду колдобой, өлкө жетекчилигине кайрылуу жасаган. Алар сунушталган долбоор билим берүү тармагын реформалоого, анын ичинде натыйжалуу каржылоого жана билим берүүнү заман талабына ылайыкташтырууга, мугалимдердин деңгээлин жогорулатууга жана бир катар олуттуу маселелерди чечүүгө шарт түзбөйт деп бүтүм чыгарышкан. Андан тышкары министрликтин мыйзам долбоору лицензиялоо, акредитация шарттарын татаалдатуу менен коррупциялык көрүнүштөрдүн көбөйүшүнө алып келет деген ойдо.

Эми Кыргызстандын Билим берүү жөнүндө мыйзамы кандай болушу керек? 100дөн ашык билим берүү тармагындагы мекемелердин биргелешип иштеп чыккан концепциясын өзгөртүүсүз чыгардык.

Учурдагы дүйнөдө билим алуу укугу жөнүндө

Билим алуу – адамдын негизги укуктарынын бири. Билим алуу укугу БУУнун адам укуктарынын жалпы декларациясында (1948) жана БУУнун экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча эл аралык пактында (1966) жарыяланган. Кыргыз Республикасында билим алуу укугу Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы Конституциясында бекитилген (22 жана 46-беренелер).

Билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү менен сапаты калктын жашоо деңгээли жана сапатына, мамлекеттик башкаруунун сапатына, коомдун өнүгүшүнө, экономиканын абалына жана өлкөнүн глобалдык дүйнөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.

Глобалдык дүйнө, коом жана экономика сыяктуу  билим берүү, ага коюлган талаптар сыяктуу эле, тез өзгөрүүдө. Маалымат технологияларынын кылымы болгон 21-кылымда билимге коюлган талаптар кескин өзгөрдү. Учурда окуу, жазуу жана санай билүү  сабаттуулугу  аздык кылат. Алган билимди турмушта колдоно билүү, башкача айтканда, функционалдык жактан сабаттуу болуу зарыл. Бүгүнкү күндө билим берүүнүн сапаты калктын функционалдык сабаттуулугунун деңгээли менен аныкталат.

Өлкөнүн жана кийинки муундардын келечеги өлкөдөгү билим берүүнүн сапатынан көз каранды. Мамлекеттин максаты – ар бир жарандын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү.

Кыргызстандагы билим берүү жөнүндө

Кыргызстанда жыл сайын билим берүүгө жумшалган каражаттар мамлекеттик бюджеттин төрттөн бир бөлүгүн түзөт (2020-жылы 40 миллиард сомго жакын), ал эми өлкөнүн эрезеге жеткен калкынын көбү (60 пайызга жакыны) базалык деңгээлге жетпейт. Функционалдык сабаттуулуктун деңгээли (б.а. окуганды, жазганды санаганды билишет, бирок жөнөкөй анализ жасай алышпайт жана алган билимин  турмушта колдоно алышпайт). Калктын эрезеге жеткен бөлүгүнүн функционалдык сабаттуулугунун төмөн деңгээли жумушчулардын квалификациясынын төмөндүгүнө,  эмгек акысынын төмөндүгүнө, мамлекеттик башкаруунун сапатсыздыгына, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндүгүнө, миграциянын жогорулашына алып келет.

Эрезеге жеткендердин функционалдык сабаттуулугунун төмөн деңгээлинин негизги себеби- өлкөдөгү бардык деңгээлде (өзгөчө мектептерде) билим берүүнүн сапатынын төмөндүгү болуп саналат. Муну эл аралык жана улуттук изилдөөлөрдүн көптөгөн маалыматтары тастыктайт. Билим берүүнүн сапатынын төмөндүгүнөн тышкары, билим берүү тармагында мектепке чейинки билим берүүдө балдардын өтө төмөн камтылышы (25%),  мектептердин жетишсиздиги жана авариялык абалы, окуучулардын  саны   мектеп ченинен ашып кетиши сыяктуу көптөн бери чечилбей келе жаткан бир катар көйгөйлөр, шаар жана айыл жеринде мектептердин, ошону менен бирге, бир катар предметтер боюнча квалификациялуу мугалимдердин жетишсиздиги, материалдык-техникалык шарттардын начардыгы, окуу китептеринин жетишсиздиги, мугалимдердин айлык акысынын аздыгы жана башкалар.

Билим берүүдөгү мамлекеттик чыгымдар тынымсыз өсүүдө. Алсак, 2001-жылы билим берүү тармагына мамлекеттик бюджеттин чыгашасы 3 миллиард сом, 2009-жылы 9 миллиард сом, 2012-жылы 21 миллиард сом, 2020-жылы дээрлик 40 миллиард сом болгон. Бул факт мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун өтө натыйжасы жоктугун көрсөтөт. Анткени чыгашалардын көбөйүшү билим берүүнүн сапатын жогорулатууга алып келбейт, тескерисинче төмөндөтөт.

Билим берүүдөгү реформалар

Кыргызстандын билим берүү тармагы реформага муктаж! Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти 2021-жылдын 5-майындагы кайрылуусунда билдирген. Бул тууралуу КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасында да айтылат. Бул документтерге ылайык, төмөндөгүлөр зарыл:

  • экономика менен учурдагы замандын керектөөлөрүнө жооп берген билим берүү системасын түзүү;
  • мектепке чейинки кызматтардын рыногун өнүктүрүү, мектепке чейинки билим берүүнү эки эсе көбөйтүү, мектепке чейинки билим берүү кызматын лицензиялоо системасын кайра карап чыгуу, кадрларды аттестациялоо тартибин киргизүү;
  • окутуунун мазмунун жана ыкмаларын кайра карап чыгуу;
  • мамлекет тарабынан билим берүүнүн каржылоосун өзгөртүү, каржылоонун ваучердик системасын киргизүү, натыйжага негизделген бюджетке өтүү;
  • бардык жерде «окуучуну ээрчиген бюджеттик акча» принцибин киргизүү;
  • каржылоо боюнча чечимдерди кабыл алууда натыйжалуулуктун финансылык эмес көрсөткүчтөрүн колдонуу;
  • мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын кайра карап чыгуу;
  • окуучулардын жетишкендиктеринин көрсөткүчтөрүн үзгүлтүксүз текшерүүнү киргизүү;
  • мектептерге финансылык жана административдик автономияны киргизүү;
  • ЖОЖду каржылоо принциптерин өзгөртүү жана алардын автономиясын бекемдөө;
  • тутум түзүүчү долбоорлорду ишке киргизүү;
  • бир катар башка прогрессивдүү системалык өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу.

Бул саясий билдирүүлөрдү ишке ашыруу үчүн «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзам түрүндө тиешелүү укуктук шарттар керек. Учурдагы “Билим берүү жөнүндө” мыйзам 2003-жылы кабыл алынып, ошол кездеги заманга, коомдун талабына жооп берген. Бирок учурда азыркы мыйзамдын жоболору өлкөнүн жаңы саясий максаттарына дал келбейт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын декабрындагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планына ылайык Билим берүү 2022-жылдын 1- жана 2-кварталында өнүктүрүлүшү керек (652-пункт).

Билим берүү мыйзамынын максаты

“Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамдын негизги максаты – Кыргыз Республикасында бекитилген билим алуу укугун ишке ашыруу үчүн төмөндөгү шарттарды түзүү:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бир бөлүгү болуп саналган БУУнун адам укуктарынын жалпы декларациясы (1948) жана БУУнун экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча эл аралык пактысы (1966); жана
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 22 жана 46-беренелери.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 22 жана

46-беренелеринде белгиленген жоболордун сакталышын камсыз кылууга тийиш, анын ичинде:

  • билимдин жеткиликтүүлүгү, негизги жалпы билимдин милдеттүүлүгү, мектепке чейинки, жалпы негизги, жалпы орто жана башталгыч кесиптик билимдин акысыз болушу;
  • мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка формадагы билим берүү мекемелерин өнүктүрүү үчүн бирдей шарттарды түзүү, ошондой эле, менчигинин түрүнө карабастан, билим берүү уюмдарында билим берүүнүн бардык түрлөрүн жана формаларын колдоо;
  • ар бир студентке камкордук көрүү, билим берүүнүн сапатын жана педагогикалык жамааттын статусун жогорулатуу;
  • мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен баштап жалпы орто билим берүүгө чейин ар бир жаранга мамлекеттик, расмий жана чет тилдердин бирин үйрөтүү үчүн шарттарды түзүү.

Билим берүү жөнүндө мыйзам, ошондой эле, төмөнкүлөргө көмөк түзүүгө тийиш:

  • президенттин кайрылуусунда жана 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасында айтылган жогоруда аталган саясий максаттарды ишке ашыруу;
  • адамдын инсандыгын, кадыр-баркын ар тараптуу өнүктүрүүгө, адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин урматтоого багытталган, билим берүүнүн сапатынын өсүшүнө салым кошкон жана экономиканын талаптарына жооп берген комплекстүү, интеграцияланган, инклюзивдик, өзгөрүп турган дүйнөгө шайкеш келген, коопсуз билим берүү системасын түзүү;
  • билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу;
  • инсандын билимге болгон керектөөлөрүн максималдуу канааттандыруу үчүн шарттарды түзүү;
  • билим берүү системасын кескин өнүктүрүү жана билим берүүнү өлкөдөгү прогрессивдүү өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычына айландыруу;
  • билим берүү мекемелеринин санын, түрлөрүн жана сапатын өстүрүү;
  • билим берүү кызматтарынын түрлөрү менен формаларын кеңейтүү;
  • билим берүү менен илимий ишмердүүлүктү интеграциялоо;
  • билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктар менен чектөөлөрдү жоюу;
  • билим берүү системасын санариптештирүү жана билим берүүнү өлкөнүн башка маалымат базалары менен интеграциялоо;
  • билим берүүнүн жаңы технологиялары менен педагогикалык усулдарын колдонуу;
  • билим берүү системасынын маалыматтык ачыктыгын камсыздоо;
  • экономиканын керектөөлөрү менен замандын чакырыктарына жооп берген билим брүүнүн сапатынын өсүшүнө көмөктөшүүчү эффективдүү билим берүү системасын түзүү.

«Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгууда ченемдердин төмөнкүдөй ыкмаларын жетекчиликке алуу зарыл:

  • мыйзам чыгаруу техникасынын талаптарын сактоо (анын ичинде мыйзамдын логикалык түзүлүшүнө талаптар, ички ырааттуулук, ченем жаратуу техникасынын сакталышы);
  • билим алуу укугу конституциялык укук болгондуктан, укуктук, адам укуктары, гендердик, экологиялык жана коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү милдети (биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Конституциясына, конституциялык мыйзамдары жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык келүүсү);
  • мыйзам долбоорун талкуулоо процессинин ачыктыгы жана маалымдуулугу;
  • бардык кызыкдар тараптардын катышуусу: студенттер, ата-энелер жана билим берүү жамааттары, иш берүүчүлөр, мугалимдер;
  • билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана мыйзам алдындагы актылардын мазмунун бюрократизациядан чыгаруу;
  • Ченемдик укуктук актыда жөнгө салынуучу процесстерди бюрократизмден арылтуу, башкача айтканда, бюрократияны кыскартуу жана башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, билим берүү уюмдарынын эркиндигин жана көз карандысыздыгын чектеген жана коррупциялык байланыштарды түзүүчү ашыкча ченемдерди жокко чыгаруу; маалыматтык технологияларды киргизүү аркылуу кагаз иштеринен бошотуу; чечимдерди кабыл алуу процесстеринин ачыктыгы. Де-бюрократизациянын максаты — башкаруунун натыйжалуулугун оптималдаштыруу жана жогорулатуу;
  • мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу үчүн жасалма бюрократиялык тоскоолдуктарды түзүүгө жол бербөө максатында мыйзамдардын жана мыйзам алдындагы актылардын мазмунун ашыкча жөнгө салууну жана деталдаштырууну кыскартуу;
  • түшүнүксүз, эки ача маанидеги жоболорсуз жөнөкөй тил менен берүү;
  • мыйзамда негизги эң маанилүү жоболорду баяндоо, мыйзам алдындагы актыларда деталдарды жөнгө салуу;
  • ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, билим берүү уюмдарга чечимдерди кабыл алууда жоопкерчиликти жана өз алдынчалыкты берүү.

Жогорудагы максаттардын, милдеттердин жана ыкмалардын негизинде 1-тиркемеде “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун түзүмү көрсөтүлгөн.

КРнын Билим берүү жөнүндө мыйзамы долбоорунун алдын ала түзүмү

Преамбула

1-глава.   Жалпы жоболор (түшүнүктөр жана аныктамалар, мыйзамдар, билим алууга укук, билим берүү системасы)

2-глава.   Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат (мамлекеттик саясаттын принциптери, билим берүүнүн тили жана формалары, мамлекеттик билим берүү стандарттары жана билим берүү программалары)

3-глава.   Мамлекеттик башкаруу (мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары)

4-глава.   Билим берүү уюмдары (мамлекеттик, муниципалдык, жеке уюмдар, билим берүү уюмдарынын түрлөрү)

5-глава.   Билим берүүнүн сапатын камсыздоо системасы (лицензиялоо, аккредитациялоо, тестирлөө, аттестациялоо)

6-глава.   Мектепке чейинки билим берүү

7-глава.   Башталгычнегизги орто жана орто жалпы билим берүү

8-глава.   Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү

9-глава.   Жогорку билим  берүү

10-глава. Жогорку билимден кийинки  билим берүү

11-глава. Кошумча билим берүү

12-глава. Билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери

(окуучулар)

13-глава. Билим берүү коопсуздугу

14-глава. Мониторинг, баалоо жана аудит

15-глава. Билим берүү системасын каржылоо

16-глава. Билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтык

17-глава. Корутунду жоболор

Авторлору: Бирим берүү мекемелеринин Союзу, Балдарга мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин Ассоциациясы, KG Analytics, Борбордук Азиядагы Эл аралык унивеситет жана башкалар.

Copyright © 2017 Maral FM