Тамак сиңирүүгө жардам берет

Кара өрүк ич катканга жана тамакты сиңирүүдөгү башка көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Анын курамындагы майда пайдалуу торчолор жана сорбит ичегинин жакшы иштешин камсыздайт.


Шведдерден нан тууралуу сизди «адаштырган» 5 факты

Кара өрүктө калий көп болгондуктан, жогорку кан басымды төмөндөтөт. Жадагалса инсульт тобокелчилигин да азайтат. Жаңы бышкан кара өрүктүн бир даана мөмөсүндө 113 мг калий бар.

Антиоксиданттарга бай

Кара өрүктө полифенол жана хлорогендик кислота сыяктуу антиоксиданттар өтө көп. Хлорогендик кислота кофени ден соолукка пайдалуу кылууда колдонулат.

Диабеттин алдын алат

Кара өрүктөгү гликемикалык индекс төмөн. Мындан улам аны күнүмдүк рациондо колдонгондо, кандагы канттын көлөмүн көзөмөлдөп турат. Бул — экинчи типтеги кант диабетине чалдыгуунун алдын алат.

Сөөктү бекемдейт

АКШнын Флорида жана Оклахома штатындагы университеттерде атайын изилдөө жүргүзүлүп, эки топко бөлүнгөн адамдардын биринчи тобуна кургатылган кара өрүктү жедиришкен. Экинчи тобуна алманын кагын беришкен. Ошондой эле эки топко тең кошумча кальций камтыган витаминдерди ичирип турушкан. Жыйынтыгында кара өрүктүн кагын жеген адамдардын сөөктөрү, алма как жегендерге салыштырмалуу бекем болуп чыккан.

Жүрөккө пайдалуу 9 азык аталды