Биз менен байланышыңыз

Жүрөккө пайдалуу 9 азык аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 1754 | 0

Заманбап жашоо темпи жана зыяндуу тамактануу жүрөк-кан тамыр системасынын абалына терс таасирин тийгизет.

Түрк диетологу Фатима Байсал Юсуфтун айтымында, туура тамактануу  — жүрөктүн сергек болушунун ачкычы. Ал бул үчүн диетага кошула турган азыктарды санап өттү.

Сарымсак кан тамырларга жакшы таасирин тийгизип, жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун азайтат. Адис күн сайын бир тиш сарымсак жеп турууга кеңеш берет.

Балык жана балык майы сакталган омега-3 май кислоталарынын антиоксидант касиеттерине ээ болгон тромбдордун пайда болушуна каршы турушат.

Жаңгак жана фундукта омега-3 кислоталары, Е витамини, магний көп. Жумасына 3 жолу 6-7 даана фундук жана 2-3 даана жаңгак жеген сунушталат.

Ошондой эле зыгырдын үрөнү жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат. Эксперт күнүнө бир аш кашык майдаланган зыгырды йогуртка же суюк тамакка кошуп жеп коюуга кеңеш берет.

Сулу, кара буудай жана буудай уну ден-соолукка оң таасирин тийгизет.

Көк чай болсо жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болушуна жол бербейт. Анткени ал антиоксидант касиетке ээ. Дарыгер кара чай же кофенин ордуна көк чай ичүүнү сунуштайт.

Мындан тышкары шалфей жана ромашка чайлары дагы жакшы таасир берет.

Дарыгер кызыл жүзүм, помидор жана дарбыздын да жүрөккө пайдалуу экендигин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM