Биз менен байланышыңыз

Шведдерден нан тууралуу сизди «адаштырган» 5 факты

Блог | 1 Мар 2021 | 7014 | 1

Нан адамды семиртеби…же жокпу? Нанды баары жакшы көрүшөт, бирок ал канчалык пайдалуу же зыяндуу? Нан институту жана диетолог Мария Ситтель нан тууралуу буга чейин айтылып келген 5 фактыга түшүндүрмө беришти.

Кара нан акка караганда пайдалуу

Кара буудай наны ак нанга караганда ден соолукка пайдалуубу? Чындыгында, нан ар кандай себептерден улам, мисалы, түс берген сироптон улам кара болуп калышы мүмкүн. Нандын пайдасы анын ичиндеги дан эгиндеринин курамы менен аныкталат. Бул жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүүшүнө жол бербейт. Ошондуктан, курамы талапка жооп берген нан сөзсүз түрдө эле кара түстө болот деген түшүнүк туура эмес. Ал ак түстө деле болушу мүмкүн.

Нан семиртеби?

Жок, андай эмес. Салмак сиз канча жегениңизден эмес, сиздин канча кыймылдаганыңызга байланыштуу болот. Денеде сарпталган калория/энергия маанилүү болуп саналат. Нан жегенде сиз өзүңүздү ар дайым ток сезип жүрөсүз (демек, күчтүү жана толук энергияга ээ болосуз). Аз болсо да, буудай нанын жеп алсаңыз, көп жашайсыз.

Нандын көп жегендин кесепетинен ич көпкөндө

«Ашказандын оорушу» анда-санда эле нандын жегенге байланыштуу болот. Ичтеги газдар стресстен, отуруп иштеген жашоо мүнөзүнөн жана суунун жетишсиздигинен улам келип чыгышы мүмкүн. Мындай учурда дарыгер же диетолог менен сүйлөшүп, сизге кайсы тамак ылайыктуу экендигин аныктаңыз.

Нан «жаман» углеводдорду камтыйт

Организмде энергиянын негизги булагы болуп углевод эсептелет. Мисалы, алар макарон жана нандын курамында көп болот. Углевод мээнин жакшы иштеши үчүн зарыл. Ошондуктан, биз углеводду камтыган  тамак-ашты көп жешибиз керек.  Нан кандагы шекердин көлөмүнүн өйдө-ылдый болуусун көзөмөлдөөгө да жардам берет. Ошондуктан, сиз нан жегенде көпкө чейин ток жүрөсүз.

Нандын өзүн жесеңиз, ал тамак катары саналбайт

Даамдуу бир бутерброд толук тамак катары эсептелиниши мүмкүн. Албетте, ал сиздин тандап алганыңызга жана андан бутербродду кантип жасаганыңызга байланыштуу болот. Эгер буудай нанын толугу менен жесеңиз, протеин жана белокторду да ала аласыз. Эгерде үстүнө бышырылган жумуртка, авокадо, бир нече кесим үндүк этин жана шпинат туурап койсоңуз, организмиңиз бул массага толугу менен ыраазы болот.

Ошондуктан нанды жеген жакшы

Нан биздин планетабыздагы адамдар үчүн абдан пайдалуу. Айрыкча, сиз «экологиялык таза» бутерброд жасап жесеңиз эң сонун болот. Буудай, кара буудай жана сулу өстүрүү, сүт азыктарын өндүрүү адамзат үчүн абдан керек. Андыктан, нанды көп жеген жакшы. Эгерде сиз нанды өзүңүз бышыра алсаңыз, анда акчаңызды үнөмдөп, пластикти колдонууну азайтыңыз, ал планетага зыян келтирет.

Ашказанга кам көрүү үчүн көбүрөөк нан жегендин 5 себеби бар:

  1. Нан үчүн дан эгиндеринин өсүшү ашказанга буурчактуу өсүмдүктөр сыяктуу эле, бирдей таасир этет (1 кг көмүр кычкыл газы жана анын 1 кг продукциясы абага барабар)
  2. Нан өндүрүү процессинде суу абдан аз талап кылынат.
  3. Швецияда дан эгиндери көп өстүрүлөт, ошондуктан нан өндүрүү үчүн чийки заттарды алыстан ташууга туура келбейт.
  4. Нан бышыруучу мештер натыйжалуу колдонулат, ошондуктан энергия аз кетет.
  5. Ар бир төртүнчү швед тамактын калдыктарын нан менен жеп түгөтөт, демек, тамак аш таштандыга аз кетет.

1 пикир

1 пикир

  1. Сукеш

    09.06.2020 07:13

    Нанды Ата бабаларыбыз аябай баркташып келген.Азырчы таштандыга ыргытышат кээ бирлер

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM