Биз менен байланышыңыз

Бишкектен батир сатып алуучуларга кеңеш

Блог | 16 Авг 2019 | 14680 | 0

Эмгек өргүүсүндө жүрүп Бишкектен батир сатып алайын деп ойлодум. Жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн караштырайын деп чечтим. Оюмда дароо барып эле сүйлөшүп, ала коём дегем. Көрсө, ал жакта да бизге көп маалым болбогон, эске алынышы керек болгон жагдайлар көп экен.

Баарын акча чечет. “Кандай негизде сатып аласыз?”

Бишкекте курулуш компаниясы “козу карындай жайнайт”. Жасаган жылуу мамилеси кээ бир жакын туугандарыңдан да ашып түшөт. Атаандаштыктын көп болгону жакшы да. А дегенде эле сиздин кандай төлөм шарты менен сатып алышыңызды сурашат. Тагыраагы, “толук төлөп сатып аласызбы же бөлүп төлөйсүзбү?” Бөлүп төлөөдө алгачкы төлөм катары жалпы сумманын 30%ын беришиңиз керек. Дээрдик бардык компанияда ушундай шарт. Ошого батирлер эки баа менен көрсөтүлөт: 100%дык төлөм жана бөлүп төлөө шарты менен. Дароо төлөсөңүз батирдин баасы арзандай турганын да эсиңизге салып кетким келет. Баа саясатына дагы токтолобуз.

Сатуу кеңселерине барганда эмнелерди суроо керек?

Алгач курулуш компаниянын лицензиясын текшерип койгонуңуз ашыкчалык кылбайт. Андан кийин сиз кызыккан объектини курууга берилген уруксатты караңыз. Курулуш компаниясы буга чейин кандай объектилерди курганын да байкап койгонуңуз оң. Анткени тажрыйбасы жана курган үйлөрүнүн саны көп болгону менен имаратын колдонууга берүүгө мамлекеттен уруксат ала албай жүргөндөр да бар. Таанымал компаниянын биринин 10дон ашык үйүн мамлекет эксплуатацияга бере элек экен. Анан дагы курулуп жаткан жеринен мыйзам бузганы аныкталып, токтотулган обьектилер да бар.

Андан тышкары үйдүн качан курулуп баштаганы да сизге кызык болушу керек. Анткени көптөн бери бүтпөй, туруп калгандары да кездешет. Айрым компаниялар бир үйүнүн акчасын ал курулуп бүтө электе башка обьектиге жумшап салган фактылар да кездешет. План менен иштин жүрүшү бирдей кетип жаткан болсо, маселе жок.

Ал эми коммуналдык кызматтар кандай негизде көрсөтүлөрү да маанилүү. Анткени айрым аймактарда газ жана жылуулук борбордук кызматтан эмес, автономиялуу негизде көрсөтүлөт. Муну сатуучулар: “Башкалардан көз каранды болбойсуз, өткөн жылкыдай ЖЭБ жарылса да сизге зыяны тийбейт” деп жакшы жакка жорушат. Бирок архитекторлор өз алдынча болгондун тобокелчилиги жогору экенин белгилешет. Башкача айтканда, эл менен болгон дурус.

Өз көзүңүз менен көрүңүз

Сатуу кеңсесиндеги менеджер сизге сатылган батирден маяна алат. Дегеним, ал үйдүн кемчилигин сизге эч качан айтпайт жана сизди ынандырганга бар аракетин жумшайт. Ошого курулуш жүрүп жаткан объектини барып көрүңүз. Менде да бир окуя болду. Көк-Жар конушунда курулуп жаткан үйлөрдө жылуулук ЖЭБ аркылуу берилбегени себептүү жана бир канча фактордон улам арзан экенин билчүмүн. Мага 2020-жылдын башында курулуп бүтө турган үйдүн 1 чарчы метрин 450 АКШ доллардан сата турганын айтты. Бул салыштырмалуу аябагандай арзан. Кызыгып барсам, ал панелдик бетон менен курулуп жаткан үй экен. Ал дегени Совет мезгилиндегидей даяр бетондордон кураштырылып салынган дегендик. Ал түрү да жаман эмес, бирок сиз менеджерлердин колуңузга берген үйдүн долбооруна жана көрүнүшүнө карап чечим чыгарбаганыңыз оң.

Таанылбаган, бирок сапаттуу кургандар да бар

Аты көп угулган компаниялар үйдү сапаттуу курат деген түшүнүк туура эмес. Анчейин таанылбай, бирок сапаттуу кургандар да бар. Ошого биринчи жакшылап териштирип, издеп көрүңүз. Айрымдарынын сайты да, сатуу бөлүмү да жок. Алар үй сатуу менен алектенген атайын агенттер аркылуу иш алып барышат. Салыштырмалуу ошол батирлердин баасы да арзан болот.

Кантип соодалашуу керек?

Үйдү тандагандан кийин соодалашууга келсек. Сиздин колуңуздагы накталай акча канчалык көп болсо, компания да ошончо кызыкдар болуп, арзандатышы да турган иш. Эгерде бөлүп төлөй турган болсоңуз, накталай төлөмдөн 50-60 $га кымбат турары да эсиңизде болсун. Андан тышкары сиз акчалай эмес кыймылсыз мүлк (эски батир, жер участогу) же унаага алмаштырсаңыз да болот. Бирок анда компания арзандатуу кылбайт, кылса да болбогон эле баага түшөт. Анын ордуна өзүңүз эле сатып, накталай акча менен барганыңыз да дурус болот. Бирок айрым компаниялар үчүн үйдүн сатылышы сиз сунуштаган мүлктөн да маанилүү болгону үчүн кымбат баага баалап, алмаша бериши мүмкүн. Ошол себептүү мындай учурда бардык жагын эске алып эсептеп чыгыңыз. Бир нерсе эсиңиздер болсун, үйдүн дубалы канчалык бийик көтөрүлгөн сайын баасы да ошончолук өсө берет.

Баса, үй сатып алып жатканда базардагыдай, соодалашып көрө бериңиз. Бул түшүнүк курулуш тармагында кеңири эле жайылган экен.

Арзан батирлерди кантип тапса болот?

Курулуш компаниялары жер участогун, айрым курулуш материалдарын сатып албастан, курулуп жаткан үйдөн батир берүү менен эсептешет. Акысына батир алгандар үйдү кыска убакытта сатуу үчүн компанияга караганда арзан баа менен сатыкка коюшат. Мен караштырып жаткан учурда да ушундай сунуштар берилди. Курулуш жүргөн жердин ээсине компания акы катары 30 батир бөлүп бериптир. Аны менен компаниянын батирлеринин баасынын айырмасы 1 чарчы метрге 100-110 доллар болуп жатты. Курулуп бүтөйүн деген же бүткөн үйлөрдөн батир сатып алган адамдар орто жолдон кайра сатам деп чыгышы мүмкүн. Бирок көп учурда бул боюнча сатуу бөлүмүнүн адистери кабарсыз калышат. Алар курулуш жүрүп жаткан жердеги прораб же куруучуларга гана айтып коюшат. Андыктан курулуш жүрүп жаткан жерлерге да барып, алар менен да таанышып алганыңыз жөндүү. Дагы бир жагы, айрым компанияларда эки топ иш алып барат. Курулуш компаниясы жана куруучу. Үйгө компания ээлик кылганы менен курган компанияга бир канча батирди бөлүп берет. Куруучулар да жогорудагыдай эле компанияга караганда арзан баа менен саткан учурлар көп кездешет. Анан дагы үй курулуп баштаганда бөлүп төлөө шарты менен сатып алып, кийин кайра сатам деп чыккандар да болот. Алардын ичинен да арзаны чыгып калып, олжолуу болуп калышыңыз ыктымал. Ошол себептүү мындай мүмкүнчүлүккө да көз салып жүргөнүңүз жөндүү.

Майда, маанилүү кеңештер:

-Үйгө муктаждык анчейин керек эмес болсо, пайдубалы курула баштаганда эле 100%дык баа менен арзан сатып алсаңыз болот.

-Эгер үйдүн баасы 600$дан арзан болсо, себебин сурап, бир текшерип койгонуңуз оң. Борбордогу түштүк магистралдын жогору жагында жана Көк-Жар тарапта жаңы курулуп жаткан үйлөр көп. Бирок ал аймактарда борбордук жылуулук жеткиликтүү эмес экени эсиңизде болсун.

-Шылуундук кылып, бир батирди бир канча адамга каттаткан фактылар да катталган. Ошол себептүү документтик иштерде кылдат болуңуз. Юрист менен кеңешип иш кылсаңыз туура болот.

-Дээрлик бардык компаниялар батириңизди шыбак кылып, эшик, терезесин гана коюп берет. Калганын өзүңүз жасайсыз. Ал үчүн батирдин 1 чарчы метр жерине орто эсеп менен 100-120 доллар керектелет. Орточо батирге 4500-5000 доллар керектелерин да эсепке алыңыз.

-Жердин баасы кымбат болгону үчүн унаа токтотуучу жана балдар ойноочу жайларды чакан кылып койгондору да бар. Буга да көңүл буруп коюңуз.

Copyright © 2017 Maral FM