Биз менен байланышыңыз

Рокфеллер кантип дүйнөнүн алгачкы миллиардери боло алды?

Блог | 9 Янв 2020 | 634 | 0

Атактуу династиянын көч башчысы улуу Жон Рокфеллер мунайдын дүйнөлүк экономика үчүн маанисин алгачкылардан болуп түшүнүп, мунай аркылуу элдин акылына сыйбаган дүнүйө топтогонго жетишкен. Ал “ExxonMobil” деген ат менен белгилүү мунай гигантынын прообразы Standard Oil компаниясын негиздеген. Баса, анын экс-башчысы Рекс Тиллерсон мындан бираз убакыт мурда АКШнын мамлекеттик катчысы кызматын аркалап турган.

Компания дүйнө жүзү боюнча өзүнүн ишмердүүлүгүн улантып келет. Анын ичинде Орусия да бар. Компанияны санкциялар кооптондурбайт. Таасири укмуштуудай күчтүү болуп турган кезден 150 жыл өткөндөн кийин Рокфеллердин үй-бүлөлүк фонду нефть тармагына жана “ExxonMobil” компаниясына инвестиция кылууну токтотконун жар салды.

2019-жылдын 8-июлунда дүйнөнүн алгачкы долларлык миллиардери Жон Рокфеллердин 180 жылдыгы белгиленди. Буга байланыштуу «Лента.ру» кайрадан Рокфеллер түзгөн улуу бизнес-империянын тарыхын жарыялайт. (Алгач текст 2018-жылдын майында жарыяланган.)

Рокфеллерлердин үй-бүлөсүнүн патриархы Джон Дэвисон Рокфеллер 1839-жылдын 8-июлунда Нью-Йорк штатында жарык дүйнөгө келген. Ал дээрлик кылымга тете 98 жыл өмүр сүргөн. Анын тынбаган аракети, эмгекчилдиги жана узак өмүрү үй-бүлөсүн дүйнөнүн алкачкы миллиарддык байлык ээлерине айландырган. Улуу Рокфеллер дүйнөдөн өткөндө анын ошол учурдагы байлыгын инфляцияга түзөтүү киргизүү менен эсептегенде 300 миллиард долларды түзгөн. Биограф Аллан Невинс өзүнүн «Жон Рокфеллер - өндүрүшчү жана филантроп» аттуу китебинде бизнесмендин эсепке тактыгын, өзүн көзөмөлдөй алган муздак кандуулугун жана жумушка жөндөмдүүлүгүн баса белгилеп көрсөткөн.

 

«Мен жоош жана олуттуу бала элем», — деп эскерет улгайган Жон Рокфеллер. Мүнөзү жагынан атасы Уильямга окшош эмес болчу. Ал киши жайдары, шайыр, ачык мүнөз, тамашакөй, аялдарга жакын адам эле. Токойчу болуп жүрүп, кийин ферма сатып алган. Бирок оор жумуш кылып, өзүн кыйначу эмес. Өзүн тобокелге жакын экенин көрсөтүп, “айыкпас дарттар боюнча атактуу адисмин” деп жарыялап, көп убакытка кайдадыр жоголуп кетип, кээде жабдыктуу аттар менен келсе, а кээде сокур тыйын таппай кайтып келер эле.

 

Ал эми болочоктогу миллиардер апасын тарткан. Апасы ак эмгектин жана сарамжалдыктын акыбетине бекем ишенген. Баптисттик агымдардын бирине мүчө болгондуктан, диндар адам эле. Анын тарбиясын алган Жон Рокфеллер дайыма баптисттердин чиркөөсүнө садака берип турган. Кээде атасы балдарына соода кылганды үйрөтүү үчүн базарга алып чыгып, кардарларды атайын “алдап”, “тоноп” алган күндөрү болгон. Мындай жоругун ал “балдарды чоң турмушка даярдап жатам” деп түшүндүргөн. .

 

Жон атасынын тобокелчилигин жана апасынын сарамжалдуулугун өзүнө сиңирип алган. Ал сапаттуу билим алган эмес. Уильям баласынын университетке тапшыруусуна каршы чыккан. Атасынын ою боюнча, санаганды билип, бухгалтердик китептерди жазганды билүү бизнес жасоого жетиштүү болчу. Бул убакта өлкө миллиондогон америкалыктардын акчага болгон ачкөздүк духунун аркасы менен укмуштуудай ыргакта өнүгө баштаган. Темир жолдор, болот куюучу заводдор курулуп жаткан. Жаңы эле Калифорнияда алтынды жеке адамдар тарабынан туш келди казуу токтотулган эле. Немис социологу Макс Вебер өзүнүн “Протестанттык этика жана капитализм духу” аттуу китебинде ошол кезди мындайча эскерет: “АКШда жеңил акча жасоо өзүнүн диний жана этикалык маанисин жоготкон, токтоно албаган жапайы кумар менен коштолуп отурган”.  Джон Рокфеллер бул жарышка 16 жашында аттанып, жүк ташуучу конторада клерк болуп иштей баштаган. Үч жылдан кийин ал өнөктөшү менен дан, эт жана тоют соодасы боюнча комиссиондук компанияны негиздейт. Бизнестин бекемделишине Жарандык согуш “салымын кошкон”. Бир тууганы Фрэнктей болуп, Жон аскерге барган эмес. Анын ордуна ал акча табууга кызуу киришкен. Аскердик жеткирүүлөрдү аткаруу менен «Кларк энд Рокфеллер» ири кирешелүү мыкты фирмага айланат.

1850-жылдардын соңунда Пенсильванияда Америкада алкачкы мунай бургулоо иши башталган. Бир канча жылдан кийин Түндүк менен Түштүктүн ортосунда согуш чыгып, бул Американын соода балансына кесепетин тийгизген. Ошентип, мунай өлкөнүн негизги жана маанилүү киреше булагына айланган. Башында «Кларк энд Рокфеллер» фирмасы чийки мунайды жана керосин ташып иштей башатаган. Бирок өсүп жаткан талаптын көлөм өнөктөштөрдүн көңүлүн бурбай койгон жок..

 

“Мунай казып алуу тобокелдүү иш болгону менен, аны иштетүү туруктуу бизнес катары бааланчу. Андыктан, компаньондор нефтини кайра иштетүүчү завод курушкан”, - дейт

Аллан Невинс. Тез арада кошумча бизнес айыл-чарба азыктарынын комиссиондук сооданын деңгээлине чейин өсүп жеткен. Невинс белгилегендей, компаниянын мунай бөлүмүн Рокфеллер өнөктөштөрүнөн аукциондо сатылып алган. Соодалашуу 500 доллардан башталып, бирок тараптар көнбөгөндөн кийин баа рекорддук чек – 72 миң долларга жеткен. Мунайдын келечегине бекем ишенген Рокфеллер буйдалбастан 72,5 миң доллар сунуштаган. Ошол кез үчүн бул чоң укмуштуудай чоң сумма эле. Таң кала түшкөн компаньондор кол көтөрүшкөн. “Мен дайыма алар менен кол үзгөн күнүмдү жашоомдогу жаңы ийгилигимдин башаты катары баалайм”. – деп эскерет кийин бизнесмен. Ошентип, 26 жаштагы Джон Рокфеллер жеке мунай бизнесинин ээси болуп калат. Анын тааныштары айтмакчы, сатып алуулардын, интригалардын, коркутуулардын аркасы менен ал темир жолдогу жүк ташыгычтан мунайзат ташыгычка көтөрүлүп, андан соң жалпы базарды ээлеп алууга киришкен.

Ал кезде ар түрдүү компаниялар өндүргөн мунайдан жасалган керосиндин курамы да, сапаты да ар кандай болчу. 1870-жылы Рокфеллер өнөктөштөрү менен бирге “Standard Oil” компаниясын негиздешкен. Бул компания мунай казып алуучулардан чийки зат сатып алып, атайын бир түрдөгү стандарттын негизинде мунайды кайра иштетип, таза өндүрүм чыгаршчу. Башында “Standard Oil” АКШдагы мунай иштетүүчү өндүрүштүн он бөлүгүн көзөмөлдөп турган. Ошондой эле, аталган компания мунай ажыратуучу, челек жасоочу, кампалардын тармагын да башкарган. Бул жылдары Рокфеллер темир жол аркылуу мунайзаттарын ташуу боюнча тариф боюнча атаандаштыкта бардык атаандаштарын жеңип чыккан. Бул учурда бизнесмендер атаандаштырына кол салуудан кайра тартпай, баш кесерлерди да жалдаган жагдайлар күч алган эле.

Он жылдан кийин “Standard Oil” өлкөдөгү “кара алтынды” ташуу жана кайра иштетүүнүн 90%дан ашуун бөлүгүн көзөмөлгө алган. Ошентип, эркин сооданын натыйжасында алгачкы америкалык монополия калыптанды. Бул коомчулукка көп жага берген эмес. Ансыз да чыңалып турган абалды ЖМКлар курчутуп турган. 1902-жылы журналист Ида Тарбелл “Standard Oil Companyнин тарыхын” жарыялайт. Анын ою боюнча, бул жырткычтын ар бир кадамы алдамчылык, сатып алуучулук, мажбурлоо менен коштолуп, “америкалык бизнестин моралдык туруктуулугун бузган”. Рокфеллердин империясынын дарегине айтылган негативдүү пикирлер федералдык бийликти бир катар антимонополиялык мыйзамдарды кабыл алууга мажбур кылган. Ал эми 1911-жылы Жогорку сот “Standard Oil” компаниясын 38 компанияга бөлүп салуу чечимин чыгарат. Бирок мындай ыкма атаандаштыкты пайда кыла алган жок. Ошондо да жаңы компаниялар базарды өз ичинен бөлүп алышты. «Тескерисинче, Standard of Indiana” көпкө дейре “Standard of Ohio” компаниясынын аймагына баш багууга батына албай турду», — деп жазат Невинс.

Улуу Рокфеллер мунай согушунда жеңүүчү болуп чыга келди. Бирок анын образы (атаандаштарынын аракетинен улам) ташбоордуктун, паракорлуктун, ачкөздүктүн символу болуп калды. Коомдун каймагы болуу үчүн акчалуу болуу жетишсиз. Адамга аброй, жакшы ысым керек экенин түшүнгөн мунай магнаты кайрымдуулук менен алектенди. Анын акчасына Чикаго университети, Нью-Йорктогу медициналык институт (кийин Рокфеллер университети), жана Рокфеллер фонду ачылды. Аталган фонд ушул күндө да искусствонун, илимий программалардын өнүгүшүнө каражат бөлүп келет. Жалпысынан Улуу Джон Рокфеллер миллиарддык байлыгынын жарымын кайрымдуулукка жумшаган.

Жашоодо колдун салааларынан куюлуп түшкөн суу өңдүү жок болуп кеткен байлык тууралуу икаялар көп эле кезлешет. Мындайда америкалыктар “Төртүнчү муун жалгыз көйнөкчөн жүрөт” деп коюшат. Америкалык укук коргоочу кичүү Джеймс Хьюз өзүнүн “Үй-бүлө байлыгы: адамдык, интеллектуалдык жана финансылык капиталды кантип сактайбыз” деген китебинде заматта бай болуп же заматта эч нерсеге ээ болбой, итке минип калуу циклин мындайча сыпаттайт: “Үй-бүлөнүн биринчи мууну картошка казат. Сапаттуу билими жок, бирок ак эмгектин, сарамжалдуулуктун жана ийгиликтин аркасында байлык күтүшөт. Экинчи муун университетте билим алып, саркеч кийинип, заңгыраган үй салып, коомдун алдыңкы өкүлдөрүнөн болушат. Үчүнчү муун – классикалык “алтын жаштар”. Укмуштуудай шартта чоңоюшат, иштешпейт деле, чоң атасынан, атасынан калган байлыкты чачып отурушат. Ал эми төртүнчү муун кайрадан картошка казат”.

Рокфеллерлер мындай тагдырдан качып кутула алышты. Улуу Джон Рокфеллердин жалгыз уулу кичүү Джон Рокфеллер үй-бүлөнүн байлыгын эселеп көбөйтө алган. Буга баарынан мурда болуп өткөн эки дүйнөлүк согуш шарт түзгөн. Аскер техникасы эбегейсиз көлөмдөгү күйүүчү майды жана майлоочу каражаттарды талап кылган. Аны айтылуу үй-бүлөгө таандык мунай компаниясы өндүргөн. Бирок уулу атасындай болуп, бизнеске баш-оту менен берилип кеткен жок. Ал өз өмүрүн үй-бүлөсүнө жана кайрымдуулукка арнады. Кичүү Жон Улуу Жон сыяктуу эле династиянын башында туруп, байлыктарын көбөйтө алган. Кичүү Рокфеллердин алты баласы болгон. Бул үй-бүлөгө байлыктан тышкары башкаруу системасы да мураска калган. Анын аркасы менен бүгүнкү күндө төртүнчү, бешинчи жана алтынчы муунга каражат сактоого аракет кылып келет.

Капиталды башкаруу үчүн кичүү Рокфеллер атайын кеңсе негиздеген. Бул жакка капиталдын натыйжалуу башкарылышына кызыктар болгон туугандары кайрыла алат. Ага үй-бүлөлүк чогулуштар идеясы таандык эмес. Үй-бүлөлүк укук коргоочу кичүү Жеймс Хьюз айткандай, үй-бүлөнү башкаруу түзүмүндөгү маанилүү нерсе – ар бир мүчөнүн, кийинки муундардын дагы ошол түзүмдү таанышы жана ага катышууга кызыктар болушу. Байма-бай жалпы суроолорду талкуулап туруу Рокфеллер тандаган башкаруу тузүмүнүн натыйжалуу иштешине кепилдик берет. Өздөрүнүн дал ушундай түзүмдөрүн жаратып алган дүйнөнүн башка бай үй-бүлөлөрү да буларга көз салып турушат.

Улуу Жон Рокфеллер уулун үй-бүлөлүк бизнесте иштөөгө мажбурлаган эмес. Албетте, атасы баштаган ишти уулу улантат дечи. Бирок улуу Рокфеллер уулу эмнеге кызыкса, ошол иште жөндөмүн арттыруу керектигин түшүнгөн. Бул ойду укук коргоочу кичүү Хьюз дагы жактайт. “Атасынын баласына өз жолун таап, бакытка өз алдынча умтулуусуна мүмкүнчүлүк бериши – капиталдын узакка сакталышына өбөлгө түзө турган ийгиликтүү чечим”, - дейт ал.

Кичүү Жон Рокфеллердин атасынын чечими үй-бүлөдө ар бир бала өзүнө жакын багытты издеши керек деген жаңы эрежени калыптандырды. Натыйжада, үй-бүлөнүн үчүнчү мууну саясат, эл аралык банк иштери жана келечектүү индустрияларга инвестиция жасоо менен алектеништи. Улуу Жондун эң адилеттүү небереси – Нельсон өзүнүн ачык мүнөзү менен бабасы Уильямга окшош. Анын буйрутмасы менен 1932-1933-жылдары мексикалык сүрөтчү Диего Ривера Нью-Йоркто курулуп жаткан Рокфеллер борборуна дубал жазмасын жараткан.

Бирок бул кызматташуу ызы-чуу менен аяктады. Себеби сүрөткө Ривера көңүл ачып жаткан буржуйларды тартып, алардын бири рокфеллердик империяны негиздегендердин бирине окшошуп калган. Бул аздык кылгансып, композициянын каармандары катары Ленин, керек болсо Троцкий, кызыл туу кармап, “Өлкөнүн бардык пролетариаттары IV Интернационалдын алдына бириккиле!” деген чакырык таштаган Энгельс жана Маркс да тартылган эле. Нельсон Рокфеллер революционерлердин жүзүн “белгисиз адамга” алмаштырууну талап кылган. Бирок Ривера мындан баш тартып, сүрөтү жок кылынган. 1960-жылдары Нельсон Нью-Йорктун губернатору болуп шайланса, кийин вице-президент болгон. Бирок өзү көксөгөн кызмат – АКШнын президенти болууну ишке ашыра албай калган.

Нельсон Рокфеллер Бильдерберг клубунун активдүү мүчөсү эле. Бул жыл сайын өткөрүлгөн эң таасирдүү бизнесмендердин, саясатчылардын жана ЖМК башчыларынын формалдуу эмес конференциясы боло турган. Конспирологдор бул клубдун мүчөлөрүн “дүйнөнүн көмүскө башчылары” деп аташкан. Бул клубдун дагы бир активдүү мүчөсү катары Нельсондун бир тууганы Дэвид да бар болчу. Дэвиддин аракети менен Chase Manhattan Bank СССРде лицензия алууга жетишкен алгачкы америкалык банк болуп калган. 1960-жылдары банкир жана глобалист Дэвид Рокфеллер Советтер Союзунун аймагында, кээде Россиянын өзүндө пайда болуп калып турган. Ата-бабалары сыяктуу эле ал да кайрымдуулук иштери менен алектенген болчу. Ал 100 миллион доллардан ашуун каражатын Гарвард университетине которгон. Бирок анын образы дүйнөнүн саясий жана экономикалык институттарынын эсинде ири коркунучтун символу катары калып калды. Дэвид Рокфеллер 2017-жылдын март айында 101 жашында дүйнөдөн кайтты. Forbes миллиардерлердин өткөн жылкы рейтингинде Рокфеллер 3,3 миллиард доллар байлыгы менен 581-орунду ээледи.

2018-жылдын башында Нью-Йорктогу Рокфеллер борборунда кайрымдуулук аукциону болуп өттү. Анда Рокфеллерлердин бир канча муунуна таандык жеке буюмдар, үй-бүлөлүк коллекцияга тиешелүү сүрөттөрү коюлду. Rockfeller family office’тин учурдагы башчысы Дэвид Рокфеллердин уулу кичүү Дэвид Рокфеллер сатуудан түшкөн акча кайрымдуулукка жумшаларын айтты.

2018-жылдын жазында Рокфеллерлердин акчасына негизделген венчурдук “Venrock Associates” компаниясы криптовалюталык стартапка болгон кызыкчылыгын билдирди. Бул билдирүүдөн кийин криптовалюталар кескин кымбаттады. Кыязы, кубаттуу үй-бүлө мунайдан заманбап нерсеге өтүүнү чечкен сыяктуу.

Copyright © 2017 Maral FM