Рокфеллерлердин үй-бүлөсүнүн патриархы Джон Дэвисон Рокфеллер 1839-жылдын 8-июлунда Нью-Йорк штатында жарык дүйнөгө келген. Ал дээрлик кылымга тете 98 жыл өмүр сүргөн. Анын тынбаган аракети, эмгекчилдиги жана узак өмүрү үй-бүлөсүн дүйнөнүн алкачкы миллиарддык байлык ээлерине айландырган. Улуу Рокфеллер дүйнөдөн өткөндө анын ошол учурдагы байлыгын инфляцияга түзөтүү киргизүү менен эсептегенде 300 миллиард долларды түзгөн. Биограф Аллан Невинс өзүнүн «Жон Рокфеллер - өндүрүшчү жана филантроп» аттуу китебинде бизнесмендин эсепке тактыгын, өзүн көзөмөлдөй алган муздак кандуулугун жана жумушка жөндөмдүүлүгүн баса белгилеп көрсөткөн.
«Мен жоош жана олуттуу бала элем», — деп эскерет улгайган Жон Рокфеллер. Мүнөзү жагынан атасы Уильямга окшош эмес болчу. Ал киши жайдары, шайыр, ачык мүнөз, тамашакөй, аялдарга жакын адам эле. Токойчу болуп жүрүп, кийин ферма сатып алган. Бирок оор жумуш кылып, өзүн кыйначу эмес. Өзүн тобокелге жакын экенин көрсөтүп, “айыкпас дарттар боюнча атактуу адисмин” деп жарыялап, көп убакытка кайдадыр жоголуп кетип, кээде жабдыктуу аттар менен келсе, а кээде сокур тыйын таппай кайтып келер эле.
Ал эми болочоктогу миллиардер апасын тарткан. Апасы ак эмгектин жана сарамжалдыктын акыбетине бекем ишенген. Баптисттик агымдардын бирине мүчө болгондуктан, диндар адам эле. Анын тарбиясын алган Жон Рокфеллер дайыма баптисттердин чиркөөсүнө садака берип турган. Кээде атасы балдарына соода кылганды үйрөтүү үчүн базарга алып чыгып, кардарларды атайын “алдап”, “тоноп” алган күндөрү болгон. Мындай жоругун ал “балдарды чоң турмушка даярдап жатам” деп түшүндүргөн. .
Жон атасынын тобокелчилигин жана апасынын сарамжалдуулугун өзүнө сиңирип алган. Ал сапаттуу билим алган эмес. Уильям баласынын университетке тапшыруусуна каршы чыккан. Атасынын ою боюнча, санаганды билип, бухгалтердик китептерди жазганды билүү бизнес жасоого жетиштүү болчу. Бул убакта өлкө миллиондогон америкалыктардын акчага болгон ачкөздүк духунун аркасы менен укмуштуудай ыргакта өнүгө баштаган. Темир жолдор, болот куюучу заводдор курулуп жаткан. Жаңы эле Калифорнияда алтынды жеке адамдар тарабынан туш келди казуу токтотулган эле. Немис социологу Макс Вебер өзүнүн “Протестанттык этика жана капитализм духу” аттуу китебинде ошол кезди мындайча эскерет: “АКШда жеңил акча жасоо өзүнүн диний жана этикалык маанисин жоготкон, токтоно албаган жапайы кумар менен коштолуп отурган”. Джон Рокфеллер бул жарышка 16 жашында аттанып, жүк ташуучу конторада клерк болуп иштей баштаган. Үч жылдан кийин ал өнөктөшү менен дан, эт жана тоют соодасы боюнча комиссиондук компанияны негиздейт. Бизнестин бекемделишине Жарандык согуш “салымын кошкон”. Бир тууганы Фрэнктей болуп, Жон аскерге барган эмес. Анын ордуна ал акча табууга кызуу киришкен. Аскердик жеткирүүлөрдү аткаруу менен «Кларк энд Рокфеллер» ири кирешелүү мыкты фирмага айланат.