Connect with us

Кыргыздын интеллигенттерин баяндаган «Маркумдар үнү» китеби

Блог | 14 Янв 2020 | 10607 | 0

— Бул китепти бир окуп көргүн сага аябай жагат. Гапар Айтиевдин өмүр баяны жазылган. Китепти абайлагын, бул-баалуу китеп, көпчүлүк бул китепти издеп таппай жүрөт. Окуп бүткөн соң кайра бересиң.

Ушуларды айтып, мен сыйлаган бир мугалим эжеке колума «Маркумдар үнү» аттуу китепти карматты. Башында анча деле кызыккан жокмун. Үйдө китеп текчеде чаң басып турду. Интернетте бул китепти издеп жүргөн, «кымбат баага болсо да сатып алам» деген окурмандарды көрдүм. Мынчалык эмне бар болду экен деген кызыгуу менен китепти ачып барактай баштадым.

…Кeч күз эле. Очок боюнда ысык күлгө бутумду салып отургам. Жанараак эле төрөлгөн баласы өлүп, там үйдүн төр жагында апам төрөттөн кансырап жаткaн болучу. Онтогону ого бетер күчөп:

— Чыкчы, кагылайын… атаңды карачы!-деди.

Эшикке жүгүрүп чыгып, тегерете карап:

— Апа, атам көрүнбөйт,-дедим.

— Азыр эле чыкты эле го, кайда кетти экен? — Алсыз күрсүнүп, айласы кеткендей кайрадан шалдырап жатып калды. Аны аядым. Жанына жетип барып, башына отура калып:

— Апаке, эмне болду?-дедим.

Эмне дээрин билбей, мени тиктеп, бир саамга көздөрү мага жалдырай түштү. Алсыз колун жерден араң алып, төбөмдөн сыламак болуп, бирок сылай албады. Ошондо муун-жүүнү бошоп, тиштенген эриндери солк этип, кирпиктери нымдаша берди.

— Апа, эмне болду? Ыйлабачы!

— Атаңды карачы… Чакырчы…. Чуркачы, кагылайын!..

Китептин башын окуганда эле көздөн жаш куюла баштады. Жаштайынан эле апасынан ажыраган бул жаш жигит Гапар Айтиев болчу. Окуган сайын китепке сүңгүп кире бердим. Ичиндеги акыйкат маалыматтар тарых жана адабият китептеринен табылбаган маалыматтар эле. Элдер бул китепке кызыгып, жанталаша издеп жүргөнүн мына ошондо түшүндүм.

Бул баалуу тарыхый романды элге жеткирүүнү максат кылдым. Өзүмдүн «Фейсбук» баракчамдан күнүнө, же эки күндө бир бөлүм-бөлүм кылып эл менен бөлүшүүнү чечтим. Жумуштан бош убакыт боло калса, китепти ача калып, компьютерден терип жаза баштадым. Күчүм жетишинче жазып, баракчамдан бөлүштүм. Убакыт тар, жазганга жетишпей калган учурда, жазууга жардам берген достор да болду. Аларга терең ыраазычылык. Эл кызыгуу менен окуй баштады. Жеке каттан байланышып: «уландысын күтөбүз, кийинки бөлүм качан чыгат?» — дегендер көбөйдү. Араларында «автордук укукту коргоо керек, антип бөлүшпө» деген эскерүүлөр да келе баштады. Биз ошондон кийин токтоттук.

Элдин кызыгуусу басма үйлөрдү да кызыктырды көрүнөт. Катуу аракет менен чыгарманын автордук укугун издегендер көбөйдү. Акыр аягы китеп басылып чыкты.

«Маркумдар үнү» — бул атты укканда көпчүлүк адам көз алдына өлүмдү бир элестеп алат экен. Китептин атын окуп эле, «китепти окубайм, өлүм тууралуу айтат тура» деген ойго баткан мекендештериме кайрылып, ушул макаланы жазып жатам.

«Маркумдар үнү» романы Совет доорунун эң таасирдүү бөлүгү болгон Сталиндин доорун чагылдырып берет. Биринчи профессионал кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин өмүр жолу, чыгармачылыгы, инсандык образы  жана ошондой эле айыпсыз репрессияланган улуттук интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү тууралуу кенен баяндалат.

Чыгарманы окуган ар бир окурман көзгө жаш алып, ыйлаган учурлары болот. Бизден китеп сатып алып, «бир жумада бүтүрөм» деген бир окурман смс жазыптыр:

« Китепти окудум, аябай кызыктуу чыгарма экен. Жоомарт Бөкөнбаев кырсыкка учурап каза болгон жерди окуп алып, аябай ыйладым. Эмнеге эң алдыңкы мекенчил адамдар репрессияга дуушар болуп жок болушкан? Күнөөсүз абалда ажалга тик карап жан берген Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахмановдордун эмне күнөөсү бар эле? Ушул сыяктуу туңгуюк калган суроолорго жооп тапканыма аябай кубандым».

Мына ушундай ойлорун биз менен бөлүшкөн окурмандар бар.

Мен мурда да «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине бир канча ирет баргам. Бирок бул чыгарманы окугандан кийин «Ата-Бейитке» болгон көз карашым такыр өзгөрдү. Бул жолкусунда ичимде башкача сезимдер менен бардым. Ал жерде кыргыздан сүзүлүп чыккан каймактар жатканына ишендим. Өлкө үчүн жанын да аябаган баатырлар жатканын сезип турдум. «Ата-Бейиттин» чыныгы маңызын, эмнеге кыргыз эли үчүн баалуу экенин бул китепти окубаган адам биле албайт. Айрыкча, окуучуларды «Ата-Бейитке» алып баруудан мурда бул китепти  бир окутуп чыгуу керек деп ойлойм. Кайда бара жатканын билсин, ошолордой болууга аракет кылсын. Азыр өлкөбүз Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов сыяктуу адамдарга суусап турат. Китепте Орозбеков тууралуу бир таасирдүү окуя бар.

Гапар Айтиев чыгармачыл адам болгону үчүн аскерге барбай коюуга  укугу бар, бирок болбой эле аны аскерге барууга мажбурлайт. Айласы жоктон маселени чечүү үчүн А. Орозбековго кирет. Болгон маселени баяндап түшүндүрөт. Орозбеков телефонду алып, бир телефон чалуу менен жаш сүрөтчүнүн маселесин чечип берет. Жаш сүрөтчү ыраазычылыгын билдирип, сыртка чыгып баратып, аябай кубанып ушул сөздү айтат: «Орозбеков маселени заматта чечет деп айтышат эле. Чындыгында эле ошондой экен. Көптөн бери чечилбеген маселени заматта чечип берди.» Орозбеков ал убакта өлкөнүн биринчи секретары болуп турган эле. Ооба, эл азыр мына ушундай адамдарга суусап турат.

Чыгармада мына ушундай өзүбүздөн өзүбүзгө өрнөктөр камтылган. Башка элдин мотивациялык окуяларын окуу менен өздөрүн аларга карап түзөп жаткан адамдар бар. Бирок, эң жакшы өрнөктөрдү өзүбүздүн интеллигенция өкүлдөрүнөн таба алабыз. «Аганы көрүп, ини өсөт» дегендей, биз ушулардан өрнөк алсак таасирдүү болот, себеби алар өзүбүздөн чыккан.

1932-жылы ачарчылык каптаганда кошуна казак туугандардан жанын сактап калуу үчүн кыргызга көчүп келгендер көбөйөт. Ал жылдар — кыргыз эли өздөрү да ачарчылыкка араң туруштук берип жаткан учур. Ошондой оор абалга карабай, казак туугандар атайын бизден үмүт кылып келсе, жардам колун сунбай койсок адамдыкка жатпайт деп, өз нанын бөлүшүп жеген учурлар болгон. Алыкул Осмонов өзүнө бөлүнгөн нан менен сүттү ачкалыктан өлүм алдында жаткан чоң апа менен кичинекей кызга берет. Бул эрдикти азыр көпчүлүк билбейт. Китеп ушундай баштан өткөн таасирдүү окуяларды камтыган.

Өлкөмдүн келечеги үчүн чуркап, өнүктүрөм деген ар бир жаран сөзсүз окуш керек болгон эң башкы китеп катары карайм.

 

Жазган: Абубакир Жамалдинов

Copyright © 2017 Maral FM