Биз менен байланышыңыз

Жаштар жана балдар китепканасында тил жумалыгы өтүүдө

Касымалы Баялинов атындагы Республикалык жаштар жана балдар китепканасында 16-сентябрдан бери мамлекеттик тил күнүнө арналган жумалык өтүп жатат.

Бул тууралуу аталган китепканада эмгектенген компьютер бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Карыпова “Марал” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, жумалык азыркы кырдаалга байланыштуу онлайн форматта өтүп жатат. Анда кыргыз тили тууралуу ресурстар, изилдөөлөр баяндалып, видео аркылуу социалдык баракчаларга  жүктөлүүдө.

Китепке кызыгып, сурагандар абдан көп. Аталган  китепкананын ар бир бөлүмүндө тилибизге багытталган көп маалыматтарды чыгаруудабыз. Биздин максат окурмандардын китепке болгон кызыгуусун арттырып, студенттерге, окууну аяктаган кесип ээлерине, магистартурада окуп жаткандар ушундай маалыматтарга муктаж болгондуктан биздин видеолор пайдалуу болот деген  ишеничтемин.

Мамлекеттик тил күнүнө карата 16 китеп чыгарылат

Copyright © 2017 Maral FM