Биз менен байланышыңыз

JIA EXPO 2022: Ишкерлердин жолугушуусу эми жылына эки жолу уюштурулат

Коом , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 783 | 0

Бишкекте JIA EXPO-2022 ишкерлердин ири жолугушуусу болуп өттү. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишкерлердин башын бириктире турган иш-чараны ЖИА бизнес-ассоциациясы жыл сайын уюштуруп келет. Анын алкагында ишкерлер бири-бири менен жакындан таанышып, жаңы бизнестер тууралуу маалымат алмашып, ошондой эле чет өлкөдөн келген эскперттердин бизнести өнүктүрүү жөнүндө тренингдерине күбө болушат. Аталган иш-чаранын негизги максаты, натыйжасы жана ишкерлердин пикирлери жөнүндө алдыда кененирээк токтолобуз.

JIA EXPO-2022 ишкерлердин ири иш-чарасына 500гө жакын бизнес өкүлү катышты. Анын ичинен 100гө жакын ишкер башка ишкерлер менен тажрыйба алмашуу, кызматташуу максатында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келди. Иш-чаранын алкагында бизнес-ассоциациянын жетекчилиги биргеликте иш алып барып жаткан өнөктөш ишкерлер менен жолукту. Анда алардын жасаган иштери, жетишкен ийгиликтери тууралуу маалыматтар айтылды. ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров аталган иш-чаранын негизги максаты тууралуу айтып берди.

«Бул иш-чаранын негизги максаты ишкерлерге жаңы кардар табуу, жаңы өнөктөш менен кызматташуу, маалымат, тажрыйба алуу максатында уюштурулат. Бир гана Бишкектин ишкерлери эмес, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынан да келишти. Бул жерде ишкердик тармагындагы ар кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ири аянтча жана жакшы шарттар түзүлгөн».

JIA EXPO иш-чарасы жыл сайын уюштурулуп келет. ЖИА бизнес-ассоциациясынын төрага орун басары Мэлс Эркинбек мүчөлөрү көбөйүп, ишкердикке кызыккандардын суроо-талабы өсүп жатканына байланыштуу эми мындан ары жылына эки жолу уюштуруу чечими кабыл алынганын маалымдады.

«Бул жолку JIA EXPO үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Негизи жыл сайын бир жолу өткөрүп турганбыз, бирок быйыл эми жылына эки жолу уюштуруп туруу чечими кабыл алынды. Бул — ЖИАнын мүчөлөрүнүн жана ич ара соодага суроо-талап көбөйүп жатканына байланыштуу».

Каракол шаарында 11 жылдан бери ишкерлик менен алектенип келаткан Бакытбек Өмүрканов акыркы жылдары ишкерлер менен алака, ич ара кызматташуу начарлап кеткенин айтат. Андыктан ЖИАнын ушул сыяктуу жолугушууларына алыс болсо да, дайыма келип катышып турарын, мындай долбоорлордо ишкерлер келечектеги иштешип кете алчу өнөктөштөрдү таап, бири-бирине колдоо көрсөткөнү өлкөнүн ишкердик тармагын өнүктүрөрүн кошумчалады. Ал келген ишкерлер менен жакындан таанышып, келечекте өнөктөш болууну каалайт.

«ЭКСПОго ишкерлер менен маалымат алышып, келечектеги кызматташууну талкуулаганы, алдыда чогуу иштей ала турган өнөктөш табууну жана ошондой эле чет жерден келген спикерлердин тренинг, окутууларынан өтүүнү көздөп келгенбиз. 2020-жылы пандемия учурунда 2 жылдай ишкерлер каалагандай кызматташа албай, жаман болду. Ошондуктан азыр эми ушул сыяктуу иш-чараларды калтырбай келип турабыз».

Ал эми ишкер айым Жибек Шарапова мындай пайдалуу иш-чараларды өлкөнүн аймактарына да өткөрүп туруу зарылчылыгына токтолду.

«Бүгүнкү иш-чара аябай кызыктуу өтүп жатат. Менин оюмча, мындай иш-чараларды аймактарда да өткөрүп туруу зарыл. Себеби ал жердеги ишкерлерибиз көп, аларга да заманбап маалыматтарды жеткирип, тажрыйбабыз менен бөлүшүп, ошол жердеги ишкерлерди өнүктүрүшүбүз керек».

Дагы бир ишкер Мирбек Асангариев ЭКСПО сыяктуу ишкерлердин жолугушуусуна чет өлкөлөрдүн гана спикерлерин чакырбастан, жергиликтүү тажрыйбалуу кыргыз ишкерлеринен маалымат алуу да натыйжалуу болорун айтты. Мындай программалар өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө таасирин тийгизерин, бизнес өкүлдөрүнүн ишине жакшы натыйжа берерин кошумчалады.

«Бизде да мыкты ишкерлер бар. Менимче, ошолорду эле чакырып, бир темада тренинг өткөрүүнү сунуштоо керек. Айрыкча анализ кылууну үйрөтүп, ишкерлерге керектүү насааттарды айтып берсе жакшы болот».

Эске салсак, JIA EXPO-2022 иш-чарасынын алкагында чет өлкөдөн келген мыкты спикерлер тренинг өткөрүштү; бизнес сектордон атайын чакырылган коноктор өз тажрыйбасын айтышты; 50 компаниянын көргөзмөсү жана B2B \ Networking форматында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө ар тармактуу компаниялардын пландары, кызматташтык да талкууланды.

ЖИА бизнес-ассоциациясы — Кыргызстандагы ишкерлердин башын бириктирген эң ири уюм. Ошондой эле эл аралык деңгээлде башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашып, ишкердикти өнүктүрүү боюнча бир катар кызматтарды аткарат. Мындан сырткары Эл аралык жумуш берүүчүлөр уюмуна мүчө болуп катталган.

Copyright © 2017 Maral FM