Биз менен байланышыңыз

«Көчмөн бизнес аянтча-2021» иш-чарасы улуттук оюндар, концерттик программалар менен коштолууда

Кыска кабар | 14 Авг 2021 | 911 | 0

Суусамырда ЖИА бизнес ассоциациясы тарабынан «Көчмөн бизнес аянтча-2021» иш чарасы уланууда. Анын башкы максаты өлкөнүн ар тарабынан чогулган жеке ишкерлердин байланышын түзүү болуп эсептеле тургандыгын Талас ЖИА бизнес ассоциациясынын пиар-менеджери Азиза Айтибекова белгиледи.

«Биз көксөгөн максатыбызга дээрлик жеттик. Ишкерлердин байланышын, соода-сатык алакасын бекемдөө, ынтымагын чыңдоо ниетибиз жүзөгө ашты. Иш-чаранын жүрүшү таяк тартыш, аркан тартыш, ордо сыяктуу улуттук оюндар, жазма акындардын, төкмө акындардын ырлары менен коштолду. Бул кадамдар, ишкерлердин жакындан таанышып, тажрыйба алмашуусуна өбөлгө болду», — дейт Айтибекова.

Көчмөн бизнес аянтча» иш-чарасы жыл сайын ар башка облустарда улана турган болду. Бул саамалык кийинки жылы Ысык-Көл облусунда өтөт.






Copyright © 2017 Maral FM