Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык ишкерлер Дубайдагы бизнес-форумга катышат

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 358 | 0

Бүгүн, 13-декабрда Дубайдагы ЭКСПО-2020 көргөзмөсүнүн алкагында «Кыргызстан-Бириккен Араб Эмираттары» бизнес-форуму өз ишин баштайт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Кыргызстандын Инвестициялар жана өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги менен Соода-өнөр жай палатасы уюштурган иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун колдоосу астында өтөт.

Бизнес-форумга Кыргызстан тараптан 40тан ашуун ишкер барган. Бириккен Араб Эмираттарынан 70ке чукул компаниянын өкүлдөрү катышат.

Форумдун алкагында Кыргызстандын ишкерлери тамак-аш өнөр жайы, IT-өндүрүш, айыл-чарба, энергетика, курулуш, таза суу чыгаруу долбоорлору боюнча таанытым жасашып, эки тарапка пайдалуу кызматташтыкты талкуулашат.

Copyright © 2017 Maral FM