Биз менен байланышыңыз

Кездеменин өөнүн өрттөбөөгө үндөгөн «ЭКО-КУРАК» көргөзмөсү өтөт

Кыска кабар | 15 Дек 2021 | 421 | 0

Кыргызстан менен Казакстандын сүрөтчүлөрүнүн жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү өтөт. Иш-чара экология маселесине арналат. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Тамара Валиева «Маралга» билдирди.

Көргөзмө бүгүн, 15-декабрь саат 15:00дө Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде башталат. «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу астында өтүп жаткан иш-чарада «Курак» искусство мектебинин негиздөөчүсү, сүрөтчү Чолпон Аламанованын автордук долбооруна катышкандардын эмгегинин жыйынтыгы тартууланат.

Уюштуруучулардын айтымында, «ЭКО-КУРАК» азыркы коомдун орчундуу маселелерин: экологияны жакшыртуу, кыргыздын маданий мурастарын сактоо жана аялдардын жашоо деңгээлин көтөрүү маселелерин көтөрүүдө. Маселен, тигүү цехтеринен чыккан кездеменин өөнүн таштандыга таштабоого, аны өрттөп, абаны булгабоого чакырып, өөндөрдү да пайдалуу нерселерге жумшоо ыкмалары сунушталат.

Айта кетсек, Чолпон Аламанова жетектеген долбоор буга чейин эле башталып, Кыргызстандын жана Казакстандын айрым шаарларын кыдырып келишкен. Ага 25 жаштан 70 жашка чейинки аялзаты катышып, бир топ нерселерди үйрөнүүгө жетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM