Биз менен байланышыңыз

Лувр музейинде өзбек тарыхына арналган көргөзмө өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 579 | 0

2021-жылы Франциядагы Лувр музейинде Өзбекстандын тарыхый баалуулуктарын чагылдырган көргөзмө өтөт. Буга Франция элинин өзбектердин маданий мурастарына болгон кызыгуусу себеп болгон. Бул тууралуу «УзА» басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын элчилиги Парижде Тарых жана маданиятты өнүктүрүү фонду жана Лувр музейи менен биргеликте жогорку деңгээлдеги тарыхый көргөзмө уюштурат. Мындай чечим Өзбекстандын Мааданият министринин Францияга болгон сапарында кабыл алынды.

Ошондой эле, көргөзмөнүн концепциясына байланыштуу темалар, музейдеги көргөзмө залын, экспозицияны даярдоо, иш-чаранын каталогун жасап чыгаруу боюнча маселелер талкууланганы айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM