Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Чет өлкөнүн жарандары жасаган 240 кылмыш катталган

Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 440 | 0

Статистикалык маалыматтарга ылайык, ушул жылдын 11 айында республиканын аймагында чет өлкөнүн жарандары жасаган 243 кылмыш иши катталып, анын ичинен 226 кылмыштын бети ачылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Чет өлкөнүн жарандары алдамчылык, бейбаштык, уурулук, каржы пирамидаларын уюштуруу, тоноо, киши өлтүрүү сыяктуу кылмыштарды жасаган. Алардын көбү КМШ өлкөлөрүнөн, коңшу мамлекеттерден, атап айтканда, Орусиядан, Өзбекстандан, Казакстандан, Тажикстандан, Пакистандан, Түркиядан келгендер болгон. Булардын катарында Улуу Британия, Франция сыяктуу мамлекеттердин жарандары да бар.

Ошол эле учурда чет өлкөлүктөргө каршы жасалган 191 кылмыш катталып, мунун ичинен 139 кылмыштын бети ачылган. Анын ичинен 51и алдамчылык, 21и уурулук, 13ү тоноо фактысы болгон. Кылмыштардын дээрлик көпчүлүгү Бишкек шаарында жасалган.

Copyright © 2017 Maral FM