Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Чек арадан мыйзамсыз өткөн Өзбекстан жараны кармалды

Кыска кабар | 12 Ноя 2021 | 555 | 0

Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын 1983-жылы туулган Х.С. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган жаран миграция мыйзамын бузуп, 2016-жылдан бери Кыргызстандын аймагында жүргөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө Х.С. 2016-жылдан бери киши өлтүрүүгө шектелип, Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан мамлекеттер аралык издөөдө жүргөнү аныкталды.

Азыркы учурда ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экени териштирилүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM