Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Фархад Иминов сунушталат

Кыска кабар | 11 Дек 2021 | 2889 | 0

Жогорку Кеңештин Эл аралык маселелер, коргоо жана коопсуздук комитети 13-декабрдагы жыйынында Өзбекстандагы жана Венгриядагы элчилик кызматка дайындала тургандардын талапкерлигин карайт. Бул тууралуу «Маралга» парламенттеги өздүк булактары билдирди.

Кыргызстандын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси кызматына Фархад Иминовдун, Венгриядагы элчиликке Талант Кушчубековдун сунушталып жаткандыгы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Фархад Иминов 2015-жылы «Республика-Ата Журт» партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп, 2018-жылы мандатын тапшырган.

Талант Кушчубеков — Тышкы иштер министринин мурунку орун басары.

Copyright © 2017 Maral FM