Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Айтматовдун 90-жылдыгына карата көчмө көргөзмө ачылат

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 772 | 0

Бишкекте М.В.Фрунзе атындагы кыргыз мамлекеттик мемориалдык үй музейинде Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата “Планеталык масштабдагы жазуучу” аталыштагы көчмө көргөзмө ачылат. Бул тууралуу музейдин маалымат кызматы билдирди.

Анда жазуучунун жашоосуна жана ишмердүүлүгүнө байланышкан фотоматериалдар, документтер, гезиттик материалдар, китептер көрсөтүлөт. Ошондой эле, жазуучунун жеке жашоосуна байланыштуу документалдык материалдар, уникалдуу сүрөттөр да коюлат.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктаган соң Айтматов тууралуу кыска метраждуу видеороликтер көрсөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM