Биз менен байланышыңыз

«Бишкекке Айтматовдун айкелин койсок, көп турист чакырмак»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Янв 2021 | 741 | 0

Маданияттын мыкты кызматкери, сүрөтчү-скульптор Тамила Маматова «Маралга» берген маегинде Чынгыз Айтматовдун айкелине түрктөр, казактар да кызыкканын билдирди.

«Бирок Айтматовдун айкели шаарыбызга калса деп ойлодум. Анткени бул иш аябай белгилүү болуп калды. Аны борборубузга койсок, көп турист чакырат. Себеби чыгарманы көрүүгө көпчүлүк куштар. Айкелди орнотуу боюнча экс-президентке кат жазгам. Бирок парламенттик шайлоодон соң, жагдай өзгөрүлүп кетип, иш калып калды», — дейт Маматова.

Маматова айкел чакан болгондуктан, орнотуу көп каражат талап кылбасын айтып, парктардын бирине орнотууну туура көрөрүн белгиледи.

Ошондой эле чыгармачылыгы тууралуу кыскача төмөнкүлөргө токтолду:

«Скульптура адамдарга тарыхты изилдөөнү жеңилдетет. Айкел жасоодо ал адам тууралуу көп маалыматка ээ болуу кажет. Ал үчүн изденип, архивдеги видеолорун, өмүр баянын, жөнөкөй жашоодо кандай экенин иликтеп жүрүп чыгарма жаратасың. Айкелин жасаган адамдын ордуна өзүңдү коюп көрүп, аны жакшы көрүү керек», — дейт Маматова.

Copyright © 2017 Maral FM