Биз менен байланышыңыз

Президент: Манас жана Айтматов академиясы түзүлөт

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 1241 | 0

Кыргызстанда «Манас жана Айтматов» академиясы түзүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата өтүп жаткан иш чарада сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Айтматовдун 90 жылдыгы жалпы элдик духтун, элдин, жалпыбыздын майрамыбыз. Муну бардык аймакта белгилешти. «Кыргыз», «Чыңгыз» жана «Манас» деген түшүнүктөрдү бөлүп кароого болбойт. Манас менен Айтматовдун киндиги туташ. Ал Манасты дүйнөгө таанытууга зор салым кошту»,-деп айтты Жээнбеков.

Ошондой эле ал улуу жазуучу кыргыз калкын жана анын тарыхын татыктуу таанытып, кыргыз баласы ааламдык цивилизацияга опол тоодой салым кошо аларын айгинелеген кыргыздын гениалдуу уулу экенин кошумчалады.

Мындан сырткары: «Айтматов өзү үчүн гана эмес жалпы адамзат үчүн жашады. Ал биздин руханий өнүгүүбузгө таасир тийгизип, адам болуунун маанисин ачыктап берди. Анын «Адам үчүн эң кыйыны күн сайын адам болуу» деген улуу насааты бизге калтырган баа жеткис мурасы болуп саналат. Бүгүн биз анын бул насаатын эстеп турууга муктажбыз»,-деди.

Кошумчалай кетсек, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып «Айтматов маданий борбору» ачылары маалым болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM