Биз менен байланышыңыз

Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовдун айкели жасалууда

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Янв 2021 | 1053 | 0

2020-жылы бул дүйнөдөн удаа өтүп кеткен КР эл артисти, төкмө жана жазма акын, обончу, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиев менен КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун айкели жасалууда. Бул тууралуу Маданияттын мыкты кызматкери, сүрөтчү-скульптор Тамила Маматова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акындардын айкелин жасоого Америкада иштеп жүргөн кыргыз мекендешибиз тапшырык берген. Эки айкелдин жасалып жатканына 4-5 айдын жүзү болду. Азырынча долбоор бүтө элек. Бүтөрү менен коомчулукка чыгарылат.

Copyright © 2017 Maral FM