Биз менен байланышыңыз

«Эстеликтерди тендер аркылуу жасатуу туура эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Янв 2021 | 712 | 0

Эстеликтерди тендер аркылуу жасатуу туура эмес. Бул тууралуу Маданияттын мыкты кызматкери, сүрөтчү-скульптор Тамила Маматова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, искусствого тендердин кереги жок. Анткени тендерде эң арзан жана сапатсыз долбоор утуп чыгат. Андыктан сынак жарыялаган дурус.

Айкел жасоо көп убакытты талап кылат. Эгерде шашылыш жасалса, окшошпой калышы ыктымал.

«Айкелин жасап жаткан адамдын мүнөзү оор болсо, образ чыкпай кыйнайт. Андыктан мамлекеттик буюртмаларды шаштырбай, 2-3 жылга берүү керек. Дароо жаса деген буйрук берилсе, скульпторлор физикалык жактан да, моралдык жактан да кыйналып калышат», — дейт Маматова.

Ал Кыргызстанда көпчүлүк скульптураны баалабай турганын айтып кейиди.

Copyright © 2017 Maral FM