Биз менен байланышыңыз

Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлерге арналган эстелик май айында ачылат

Кыска кабар | 1 Мар 2020 | 611 | 0

Орусиянын Тверь облусундагы Ржев шаарына, Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстеликтин ачылышы ушул жылдын май айында болот. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 14-мартында 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол коюп, анда Улуу Жеңиштин бүткүл дүйнөлүк-тарыхый маанисин эске алуу менен Мамлекет башчысы тарабынан согуш жылдарындагы кыргызстандык жоокерлердин эрдиги менен каармандыгын түбөлүккө калтыруу зарылдыгы белгиленген жана Орусиянын Тверь облусундагы Ржев шаарына Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстелик куруу мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылган.

Эстеликтин жалпы эскизи Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан жанындагы эстеликтердин архитектуралык композицияларын эске алуу менен иштелип чыккан.

Анын негизги концепциясын Ала-Тоо түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM