Биз менен байланышыңыз

Согуш ардагерлерине Жеңиш күнүнө карата акчалай жардам берилет

Кыска кабар | 24 Апр 2021 | 496 | 0

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпул берилет. Өкмөттүн тийиштүү токтомуна премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Аталган чечимге ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына жарандардын төмөнкү категорияларына бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнсүн:

1) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына – эсептик көрсөткүчтүн алты эсе өлчөмүндө;

2) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына – эсептик көрсөткүчтүн төрт эсе өлчөмүндө;

3) 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдарга жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга – эсептик көрсөткүчтүн төрт эсе өлчөмүндө;

4) экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына –  эсептик көрсөткүчтүн төрт эсе өлчөмүндө;

5) Улуу Ата Мекендик согуштагы фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана экинчи никеге турбаган жесирлерине –  эсептик көрсөткүчтүн эки эсе өлчөмүндө;

6) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – эсептик көрсөткүчтүн бир эсе өлчөмүндө;

7) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга – эсептик көрсөткүчтүн бир эсе өлчөмүндө;

  • 1) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына – 20 миң сом өлчөмүндө;
  • 2) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына – 20 миң сом өлчөмүндө;

3) 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдарга жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга –  20 миң сом өлчөмүндө;

4) экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына – 20 миң сом өлчөмүндө;

5) Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде курман болгон жоокерлердин жесирлерине – 15 миң сом өлчөмүндө;

6) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 15 миң сом өлчөмүндө;

7) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга – 15 миң сом өлчөмүндө.

Жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөө алган пенсиясынын, жөлөкпулунун, акчалай компенсациясынын өлчөмүнө карабастан, республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM