Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Лейлекте согуш ардагери Кошон Байматовдун үйүнө барды

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 1116 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Баткен облусунун Лейлек районуна барган иш сапарында Раззаков айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кошон Байматовдон кабар алды.

Сооронбай Жээнбеков ардагерди Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктап, мамлекет Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен катышуучуларына ар дайым өзгөчө көңүл бураарын билдирди.

Биз ата-бабаларыбыздын эрдигин жана каармандыгын эсибизде сактайбыз. Бардык курман болгондордун, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон 130 миңден ашуун кыргызстандыктын элесине таазим этебиз. Өз өмүрүн биздин келечегибиз үчүн арнагандарды эстеп жүрүүгө милдеттүүбүз, — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Кошон Байматов 1922-жылы 2-майда туулган. 1942-жылы өз ыктыяры менен фронтко кеткен. Фашисттик баскынчылардан бошотуу боюнча көптөгөн операцияларга катышып, Сталинграддан Берлинге чейин даңктуу аскердик жолун басып өткөн.

Согуш мезгилинде көрсөткөн эрдиги үчүн “Кызыл Жылдыз” ордени, “Германияны жеңгендиги үчүн”, “Варшаванын бошоткондугу үчүн”, “Берлинди алгандыгы үчүн” медалдары менен сыйланган.

Согуштан кийин Кошон Байматов өз айылына келип, айыл чарба тармагында эмгектенген.

Copyright © 2017 Maral FM