Биз менен байланышыңыз

Баткендеги чек ара окуясына бир ай (аткарылган иштер)

Саясат | 1 Июн 2021 | 2417 | 0

28-апрелде Баткен районунун чек арада жайгашкан Көк-Таш айылында Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тараптын видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуусу менен башталган чыр 29-апрелдин кечинде тажик тараптын Баткен облусунун Лейлек районуна куралдуу кол салуусу менен уланган. Чек арадагы абал 1-май күнү түштөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жолугуп, протоктол кабыл алышкандан кийин гана турукташкан.

28-29-30-апрелде Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. Реанимацияда жаткан бейтаптар палатага которулуп, абалдары канааттандырарлык деп бааланууда. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган. Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды.

Баткендеги чек ара окуясына бүгүн толук бир ай болду. Бир ай ичинде калыбына келтирүү иштери кандай жүрүп жатат жана кийинки иштер кандай жүрүшү керек? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

29-апрелдин кечинде тажик тараптын Баткен облусунун Лейлек районуна куралдуу кол салуусунан эң көп Максат айылы жабыркаган. Анда бир адам уктап калып, үйүнө коюлган өрттөн көз жумду. Андан башка да 83 үй жана 10дон ашык мамлекеттик мекемени өрттөп кетишкен. Мындан сырткары үйлөр тонолуп, короодогу мал уурдалып, 12 унаа турган жеринде күйүп кеткен.

Баткен облусу боюнча келтирилген зыяндардын болжолдуу суммасы 1 млрд 337 млн 897 миң 831 сомду түзөт.

Максат айылынын башчысы Кубатбек Нышанов учурда курулуштар жүрүп, 17 үйдүн пайдубалы түптөлүп бүтүп, дубалын күтүп калышканын, ал Түркиядан келерин билдирди.

«Айылым тынч, Кудайга шүгүр. Баары өз иши менен алектенип жүрөт. Жардамдар жетиштүү, келгендер дагы деле келип жатат. Азыркы күндө курулуштар жакшы эле жүрүп жатат. 83 үй күйдү эле, анын 17синин пайдубалы куюлуп бүттү. Үйлөрдүн дубалдары менен чатырлары Түркиядан келет деди. Ал жактан жолго чыкты деди, бирок качан келе турганын билбейм. Кыш менен курулбай эле даяр келет экен, заманбап үйлөр курулат деп жатат».

Максат айылынын тургуну Айгүл Тагаеванын эки үйү толугу менен өрттөлүп, бир үйү чала күйүп, тонолуп, сарайынын чатыры күйгөнү аз келгенсип, короосундагы «Opel Vectra» үлгүсүндөгү «998» номерлүү унаасын айдап чыгып кетишкен.

Айгүл Тагаева окуя орун алганына бир ай болгонуна карабай, курулуш иштери жай жүрүп жатканына тынчсыздануусун билдирди. Ал ар ким ар жакта жүрүүгө туура келип жатканын айтып, кышка чейин бүтүрүп беришсе жакшы болот эле дейт.

«Куруучулар азбы билбейм, курулуш жай кетип жатат. Бизге али кезек келе элек. Кечээ губернаторубуз келип, «тездетебиз, куруучуларды көбөйтөбүз» деп сөз берип кетти. Эми билбейм, үмүт кылып турабыз. Кышка чейин бүтүрүп берсе жакшы болот эле, ар ким ар жакта жүрөбүз. Эки үйүм күйгөн, бизге кезек келгенге чейин 5-6 коңшунун үйү бар. Ошол үйлөрдөн кийин гана бизге кезек келет. «Түрктөр заманбап үйлөрдү курат», — деп, сүрөттөрү келди. Ким билет эми, бирөөлөрү: «Сапаты начар экен», — дешет, бирөөлөрү: «50 жылга гарантия берилет экен», — деп жатышат. Салынып эле берилсе болду эле, кышка чейин көчөдө калбасак экен деп отурабыз. Кечээ президент келгенде «2 айдын ичинде бүтүрүп киргизет» деп кетти. Биз эми үмүт кылып турабыз, бирок иш жай кетип жатат. 90 жашка чыккан кайненем бар, ар кимдин эшигинде жүрөбүз. Чатыр да алган жокпуз. Аны арыз жазып туруп алып, кийин кайра өткөрүп берүү керек экен. Же уурдалып , же күйүп кетсе, төлөшүбүз керек экен. «Бир нерсе болсо төлөй албай калбайлы», — деп жолдошум алган жок. Анан кошуна айылдагы туугандардыкына жатып келип жатабыз. Ал жерде жаткандан деле коркобуз да. Үйүбүз жолдун боюнда, жолдун ары жак бетинде тажиктер, бери жак бетинде биз турабыз. Аралыгыбыз — бир эле асфальт жол». 

Ошондой эле Айгүл Тагаева Максат айылынын тургундары негизги талап катары чек араны тактап берүүнү суранып жатканын кошумчалады.

Жалпысынан Баткен облусуна 1919,61 тонна гуманитардык жардам берилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 410,609 тонна, жеке жарандар 1299,2 тонна жүк жеткирген. Кампада болсо,204, 601 тонна гуманитардык жардам сакталууда.

Коомдук жана саясий ишмер Максатбек Дыйканов калыбына келтирүү иштеринен кийин Баткен элине бир топ жеңилдиктер берилиши керек экенин айтты.

Ал аймакта өндүрүш жок, кошуна мамлекеттер менен болгон соода-сатык алакасы пандемиядан кийин солгундаганын билдирди. Мындан улам бийлик Баткенде жашоочуларды кармап турам десе, аймактын экономикасын көтөрүп, калкына жеңилдетилген насыяларды берип, өндүрүштү уюштуруп элди иш менен камсыз кылышы керек.

«Үйдүн ичиндеги жабыдыктар, мал-мүлк деген маселе да каралышы керек. Андан сырткары элге ошол жерде иштегенге шарт түзүп, өндүрүштөрдү  уюштуруу керек. Бизнес жүргүзүүгө жеңилдетилген насыяларды берүү керек. Эл ал жерде коркпой иштеши үчүн коопсуздукту камсыздап бериши керек. Бул деген сөз биз чек араны катуу бекемдешибиз керек. Биз эгерде чек арада керектүү күчтү бекемдеп алсак, коңшулар эч качан провакацияларга барбайт. Биз жакшы билебиз, бизде кайсы жерде боштук болсо, алар үстөмдүк жасоого аракет кылат. Булардын менталитети ошондой. Күчтүү экенибизди көрүп турса, булар эч качан өткөндөгүдөй аракет жасашпайт». 

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова талкаланган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүүдө 1-июнга чейин жасалган иштер боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 136 үйдүн курулуш иштери жүрүп жатат. Баткен жана Лейлек райондорунда тазалоо иштери толук бүткөрүлгөн. 30-майда Баткен районунда да курулуш иштери башталып, учурда пайдубалы түптөлүүдө.

Чек ара чатагында каза болгон 36 жарандын үй-бүлөлөрүнө Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынан жер тилкеси бөлүнүп берилген. Аталган жер тилкелерге «Каганат инвест» компаниясы 26 үйдүн, «SMA GROUP» компаниясы 10 үйдүн пайдубалын түптөп, учурда 18 үйдүн дубалы тургузулуп, чатырлары жабылууда.

Максат орто мектебин оңдоп-түзөө иштерине 2021-жылга 15 млн сом бөлүнгөн. Аталган объекттин божомолдуу сметалык баасы 18 млн сом деп эсептелген. 25-майда 4 млн 500 миң сом ачылып, курулуш-монтаждоо иштерине 4 млн 373 миң 200 сом которулган. Ал эми Максат айылындагы 60 орундуу бала бакчанын курулушун «Дордой» ассоциациясы жүргүзүп жатат.

Максат айылындагы ФАПты «Ас-Сафа» коомдук бирикмеси салып жатат. Болжолдуу сметалык баасы — 6 млн сом. Андан тышкары айылдагы коомдук алдын алуу борборун «Мургаб коому Сокулук району» салып берет. Курулуштун болжолдуу сметасы 2 млн сомдун тегереги деп көрсөтүлдү.

Ак-Сай айылындагы ФАП «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан курулуп жатат, болжолдуу сметалык баасы — 1,5 млн сом.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан түзүлгөн атайын эсепке 2 млн 821 миң 658 сом, Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 105 млн 48 миң 882 сом түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM