Биз менен байланышыңыз

Асанкулов: Баткенди өнүктүрүү программасы элдин пикирин эске алуу менен иштелип чыгат

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 571 | 0

Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Жеңишбек Асанкулов Баткен облусунун чектеш айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү аймакты өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу алкагында Баткен облусуна барышты.

Сапардын жүрүшүндө мекемелер аралык жумушчу топтун мүчөлөрү Лейлек районун, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кагылышуудан жабыркаган Интернационал, Максат жана Борбордук айылдарын кыдырышты.

Жумушчу топтун мүчөлөрү ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, анда кыргыз-тажик чек ара чатагынын жүрүшүндө талкаланган турак жайларды жана коммерциялык объектилерди калыбына келтирүү, жерди трансформациялоо, ичүүчү таза суунун жетишсиздиги, жолдордун курулушу, жеңилдетилген кредиттердин берилишине тийиштүү көйгөйлөр угулду.

Андан соң делегация мүчөлөрү Лейлек районундагы Кулунду каналынын суу бөлүштүрүүчү негизги тосмосунун курулушу менен таанышты.

Баткен облусун өнүктүрүү долбоорун иштеп чыгуу боюнча сапаттуу сунуштарды даярдоо үчүн бир катар көчмө жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды.

«Баткен облусунун бардык айылдарын камтуу үчүн мекемелер аралык жумушчу топтун мүчөлөрү төрткө бөлүндү. Учурда Баткен облусунун калкы менен жолугушуулар өтүүдө, жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган сунуштар жалпылаштырылууда. Бул абдан маанилүү, анткени жергиликтүү тургундар аймактын көйгөйлөрү тууралуу эң мыкты билишет. Баткен облусунун тургундарынын ар бир пикири эске алынат», — деди Жеңишбек Асанкулов.

Copyright © 2017 Maral FM