Биз менен байланышыңыз

Баткендеги окуядан жабыр тарткан мугалим жана балдар 10 күндүк реабилитициядан өтүштү

Кыска кабар | 6 Июн 2021 | 679 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары жана мугалимдер Ысык-Көлдө 10 күндүк жайкы реабилитициядан өтүштү.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана “Жетиген” эл аралык лагери 28-30-апрелдеги окуядан жабыркаган Баткен жана Лейлек райондорунан 9-17 жаштагы 70 бала жана 20 мугалим үчүн көл жээгинде 27-майдан 6-июнга чейин эс алууну уюштурган.

Иш-чара чек арага жакын райондордогу балдарга жана мугалимдерге арт-терапия жана психологиялык консультациялар аркылуу психологиялык колдоо көрсөтүү максатында өткөрүлдү.

Балдар үчүн тематикалык иш-чаралар, спорттук, пляждык активдүүлүк, квест-оюндар, кыргыз улуттук оюндар, чыгармачылык студиялардагы сабактар: медиа, вокал, бий, живопись жана скульптура, кулинардык мастер-класстар, компьютердик сабаттуулук боюнча кыскача курс, англис тилиндеги өнүктүрүү оюндары өттү.

Мугалимдер үчүн стрессти жана жаракат алуудан кийинки синдромду башынан өткөргөн балдарга психологиялык жардамды көрсөтүү методдору окутулду.

Copyright © 2017 Maral FM