Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар бир катар социалдык-экономикалык негизги маселелерди көтөрүп, бир канча мыйзам долбоорду карашты. Ошондой эле “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорду биринчи окууда карашты. Депутаттар жыйында жалпы эле Кыргызстандагы пенсиялык төлөмдөр, жөлөкпулдар боюнча орун алып келген маселелерди ортого салышты. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документтин автору депутат Аалы Карашев пенсиялардын баштапкы камсыздандыруу бөлүгүн дайындоону оптимизациялоо жана пенсиялык системаны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өзгөртүүлөр киргизилип жатканын белгиледи.
“Долбоордун милдети 1996-жылга чейинки пенсияларын дайындоо системасын жөнөкөйлөштүрүү, мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды түзүү жана ыкчамдуулукту арттыруу менен пенсияларды дайындоодо калкка көрсөтүлчү кызматты кыйла жакшыртуу болуп саналат. Пенсия курагына келгендер үчүн документ чогулткан 60 айды дагы жок кылып салсак деп атабыз. Келгенде арызын, паспортун берет анан электрондук түрдө тез арада пенсиясы чегерилсе деген сунушту берип жатабыз. Пенсияларды дайындоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү үчүн 1996-жылга чейинки камсыздандыруунун жалпы стажын документ талап кылбай эсептөө сунушталууда”.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар мыйзам долбоорунун социалдык маанилүүлүгүн белгилешип, пенсиялык саясатта орун алган көйгөйлөрдү айтышты. Алсак, депутат Акыл Кемелов эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоонун механизмдерин жөнгө салуунун зарылдыгын белгиледи.
«Орусияда жарандарыбыз иштешет. Алардын айлык маяналарынан социалдык фондко акча кармап калышат. Ошол акчаалр каякта? Биздин мигаранттардын эсебинен чогулген пенсиялык фонддо канча акча бар? Миррацияда жургөн жарандарга пенсия, социалдык төлөмдөр боюнча кеңири маалыматтык компания жүргүзүү керек».
Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев билдиргендей, Орусия менен 2018-жылы келишим түзүлгөн, ага ылайык, пенсиялык төлөмдөр жаран пенсияга чыкканда Кыргызстанга экспорттолот. Учурда Орусияда эмгектенген 600 миң жаран мыйзамдуу түрдө социалдык төлөмдөрдү төлөп жатат.
Ал эми депутат Улукбек Ормонов президенттин ирилештирүү саясатынын негизинде Социалдык фонддун Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кошулганы менен эч нерсе өзгөрбөгөнүн айтып, Соцфондду министрликтин карамагынан чыгарууну сунуштады.
Анын айтымында, Социалдык фонд өзүнчө орган болуп, бюджети өзүнчө бекитилиши зарыл.
«Эч кандай өзгөрүү болбоптур. Силерди механикалык түрдө гана министрликке кошуп коюптур. Эми сиз министрге отчет берет экенсиз, анын макулдугу менен бул жакка келет экенсиз. Социалдык фонд — атайын эң аялуу катмарыбыз пенсионерлерибизди камсыздоо үчүн түзүлгөн орган. 22 министрликти 16га түшүрүү үчүн гана кошулуп калган. А чындыгында эч нерсе өзгөргөн жок. Ошондуктан социалдык фонд өзүнчө орган болушу керек. Булардын бюджети мамлекеттин бюджети менен аралашып кетпеш керек. Керек болсо биз аны өзүнчө орган кылууну сунушташыбыз керек».
Жаныбек Орозалиев маалымдагандай быйыл 8 айда Соцфонддун жалпы кирешеси 40 млрд 476,7 млн сомду түзгөн. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү 24 млрд 753,1 млн сом болуп, бекитилген пландан 653 млн сомго көп түшкөн.
Депутат Аккулу Бердиев пенсиялардын өлчөмүн жогорулатууда тоолуу аймакта жашаган жарандарга өзүнчө көңүл бурууга чакырды.
Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев пенсияны жогорулатуунун өлчөмү ар бир жарандын пенсиясынын өлчөмүнө жараша болорун түшүндүрдү.
«Кыргызстанда эртеңден тарта пенсия орточо эсеп менен 455 сомго жогорулап, анын орточо өлчөмү 6 миң 248 сомду түзөт. Жалпы өлчөмү 4 миң 785,4 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4 миң 785,4 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 500 сомдон кем эмес каражат чегерилет».
Кошумчалай кетсек, учурда өлкө боюнча пенсионерлердин саны 709 миң 728 адамды түзөт. Алардын ичинен 237 миңдейи “Кыргызпочтасы” аркылуу пенсиясын алат. 67 %ы республикалык банктардан акчасын алат.
Пенсионерлердин 14 миңдейи 1 миң 780 сом өлчөмүндө пенсия алат. Бул категориядагы адамдар мыйзам талап кылган керектүү стаж топтогон эмес. Ошондой эле алар эч кандай жумушта иштеген эмес жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн эмес.