Биз менен байланышыңыз

Алимбаев Улуу Ата Мекендик согуштун 102 жаштагы ардагерин куттуктады

Кыска кабар | 8 мая 2021 | 669 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын тургуну, Улуу Ата Мекендик  согуштун катышуучусу Ашир Рахматов атадан кабар алып, 9-май Жеңиш майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус башчысы согуш ардагерине президенттин куттуктоо катын тапшыруу менен, резервдик фондунан акчалай белек тапшырды.

Ашир ата 21 жашында согушка аттанып, Сталинграддагы салгылашка катышкан. Согуштан кийинки жылдарда аймактын агартуу тармагында өмүр бою эмгектенген. Аксакал жалпы 105 уул кыз, небере-чеберелердин чоң атасы.

Абдикарим Алимбаев аксакалга бекем ден соолук, бакубат карылык каалады.

Белгилей кетсек, 9-май Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата ар бир ардагерге президенттин фондунан 70 миң сом, Өкмөттүн атынан 20миң сом кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул берилди. Ошондой эле оруктун ардагерлерине 15 мин сомдон тапшырылды.

Баткен облусунда бүгүнкү күндө 4 согуштун ардагери бар. Алар: Баткен шаарында — Ашир Рахматов, Кызыл-Кыя шаарында – Шамурат Камалов, Лейлек районунуда – Эгемберди Абылкасымов, Кадамжай районунда – Шамши Эшбаев аталар.
Ошондой эле 200 тылдын катышуучулары бар.

Copyright © 2017 Maral FM