Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы газ менен жүрүүчү 100 даана автобус сатып алат

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 808 | 0

Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишканасы жаратылыш газы менен жүрүүчү автобустарды сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу маалмытатты мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн жалпы 650 млн сом бөлүнөт. 351 млн сомго 46 автобус, 299 млн сомго 54 автобус сатылып алынат. Автобус 2020-жылы чыгарылган болуш керек. Автобустун ичине 70тен ашуун жүргүнчү бата тургандай жана отургучтардын саны 26дан кем эмес болушу зарыл.

Ошондой эле автобуста мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн аянтча болуп, пандус менен жабдылышы керек. Мындан тышкары, документте автобустар газ менен жүрө турганы көрсөтүлөт. Арыздар 18-мартка чейин кабыл алынат.

Copyright © 2017 Maral FM