Биз менен байланышыңыз

Иманалиев: Инвестиция донор өлкөлөргө кайтып жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Фев 2019 | 1238 | 0

Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчы Данияр Иманалиев “Марал” радиосуна берген маегинде өлкөгө келген инвестициянын көлөмүнүн азаюусунун себептерин белгиледи.

Анын айтымында, жалпы дүйнө жүзүндө инвестиция өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн донор өлкөлөргө кайтуу процесси жүрүп жатат.

«Эксперттер Кыргызстанда инвестициялык климат өзгөргөнүн айтышат. Статистикага таянсак да, жыл ичинде түз инвестициянын көлөмү 30 пайызга төмөндөгөнү байкалган. Мунун бир нече себептери бар. АКШда экономикалык жагдайдын өзгөрүүсү жана финансылык институттар жүргүзгөн саясатка байланыштуу доллар менен жасалган инвестициялардын агымы үчүнчү өлкөлөрдөн кайра артка кетип жатат. Кытайдан келген инвестицияларды ала турган болсок, 2018-жылы кытай базарында талаптар күчөтүлгөн. Мындан уламдын кытайлык инвестициянын башка өлкөлөргө болгон агымы дагы өзгөргөн» — дейт Иманалиев. 

Ал инвестициянын көлөмү айрым өлкөлөр тарабынан кыскарса, башка мамлекеттерден жогорулаганын айтат.

Copyright © 2017 Maral FM