Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда инвестицияда илгерилөө байкалды

Экономика | 14 Сен 2021 | 1608 | 0

2021-жылдын алгачкы жарым жылдыгына карата Кыргызстанга тыштан келген инвестициянын көлөмү 95 пайызга, тактап айтканда, эки эсе көбөйгөн. Мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана аларды натыйжалуу иштетүү максатында ушул жылдын 7-июнунда түзүлгөн Инвестиция министрлиги мунун эсебинен акыркы үч ай ичинде бир катар долбоорлорду ишке ашырды. Учурда министрлик 500 млн долларды түзгөн 8 долбоордун үстүндө иштеп жатат.

Белгилей кетсек, 2020-жылы коронавирус пандемиясы учурунда сырттан келген инвестициянын көлөмү 50%га түшүп кеткен. Бүгүнкү күндө тийиштүү мамлекеттик органдардын жана министрлик тарабынан аткарылып жаткан иштердин негизинде көрсөткүч эки эсе көбөйгөн. Бул тууралуу министрдин орун басары Нурадил Баясов айтып берди.

«Өлкөгө түз келген инвестициянын көлөмү 95 пайызга көбөйдү. Инвестицияны өнүктүрүү багытын камтыган «Инвесторлордун укуктарын жана алардын кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө» жарлыкка президент кол койгон. Жаңы Конституциянын редакциясында бул тармак боюнча тийиштүү пункттар да киргизилип жатат. Инвесторлор үчүн жагымдуу, керектүү шарттарды түзүп беребиз. Биздин негизги максат – инвесторлорду тартуу жана алардын коопсуздугун сактоого тийиштүү чараларды көрүү. Буга чейин өлкөдө инвестиция тармагы көйгөйлүү маселелердин бири болуп келген. Эл аралык глобалдык инвестициянын көлөмү 35 пайызга төмөндөп кеткен. Ошол эле учурда Кыргызстандан чыгып кеткен инвестициянын көлөмү 9 пайызга кыскарган».

Нурадил Баясов инвесторлордун укуктарын коргоо менен биргеликте, мамлекет тарабынан аларга тийиштүү талаптар да коюлганын кошумчалады.

«Инвесторлорго шарт түзүүдөн сырткары, аларга да мамлекет тарабынан атайын талаптарды койгонбуз. Экологиянын бузулушуна жол бербөө, жергиликтүү калктын кызыкчылыктарын коргоо ж.б. талаптар каралган. Сырттан келген учурда да биз өзүбүз тараптан мамлекеттин кызыкчылыктарын камтыган талаптарды камтып жатабыз. Алардын иш алып баруу процесси атайын тийиштүү органдар тарабынан көзөмөлдөнөт».

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Медер Машиев учурда ишке кирген инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берди.

«Долбоорлорду ишке ашыруу максатында эки багыт боюнча иш алып барып жатабыз: биринчиси, менчиктештирүү программасы; экинчиси, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багыты. Инвестиция жаатында бизде да долбоорлор бар. Айрым долбоорлор өз ишин баштады. «Айдаркен сымап комбинаты» инвесторлор тарабынан каржыланып, бүгүнкү күндө иштеп жатат. Бул комбинат менен гана чектелип калбайт. Ушул жылдын планында мындан сырткары дагы инвестицияга бериле турган ишканалар бар».

Кыргызстанда аэропортторду замандын талабына ылайык башкаруу боюнча өнөктөштөр каралып жатат. Ошондой эле түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун курулушуна, ГЭСтерди курууга жана жаңылоого өнөктөштөрдү тартуу пландалып жатканын Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк борборунун директору Санжарбек Болотов айтты.

«Кыргызстанда мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк боюнча 32 долбоор даярдалган. Анын ичинен 3 долбоор ишке ашырылып жатат. 32 долбоордун бюджети жалпы 750 млн долларды түзөт. Ири долбоорлордун бири – «Манас» эл аралык аэропортун жаңыртуу жана эл аралык инвестицияларды тартуу. Мындан сырткары башка өнөктөштөр менен биргеликте бир канча долбоорлор иштелип жатат. Ошондой эле соода-логистикалык комплекстин курулушу боюнча долбоорго конкурстук тандоо жакында аяктайт. Инновациялык-компьютердик томографтарды Кыргызстан боюнча орнотуу долбооруна жакында конкурс жарыяланат. Мамлекеттик лотерея компаниясынын долбооруна өнөктөштөрдү тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат».

Акыркы 6 айдын ичинде бир канча өлкөнүн бизнес өкүлчүлүгү, инвестициялык компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга келип кетти. Ошондой эле 6 айдын расмий статистикасына таянсак, Кыргызстанга келген инвестициянын жалпы көлөмү 320 млн доллардын тегерегиндеги каражатты түздү.

Copyright © 2017 Maral FM