Биз менен байланышыңыз

«Президенттик башкарууга өтсөк, Батыштан инвестиция келбей калат»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Апр 2021 | 2095 | 0

Азыркы учурда Кыргызстанга Батыш өлкөлөрүнөн инвестиция керек. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Маралга» берген маегинде айтты.

Анын айтымында, Батыш Кыргызстан президенттик башкарууга өтсө, инвестицияларын токтотуп коёт. Андыктан өлкөдө адам укугу, эркиндик, демократия туу тутулган мамлекеттик башкаруу өнүгүшү керек.

Өлкөдөгү революциялардын негизин укук коргоо жана сот органдарынын адилетсиздиги, чечилбеген социалдык экономикалык маселелер түзгөн.

«Укук коргоо органдарында реформа баштоо зарыл. Көйгөйлөрдү чечүү сырткы факторлорго байланыштуу, маселен сырттан келген каржы, инвестиция маселелери. Батыш өлкөлөрү, Америка менен тез арада мамилебизди оңдобосок, инвестиция келбейт. А Орусия, Кытай инвесторлору болсо майлуу жерлерди алышты», — дейт Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM