Биз менен байланышыңыз

Баткенде ишкерлер салыктын төрт түрүнөн бошотулду

Экономика | 14 Окт 2021 | 1338 | 0

Бүгүн Баткен облусунда алгачкы жолу «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» аталышындагы инвестициялык форум өттү. Форум облустун экономикалык деңгээлин, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, элдин жашоосун жакшыртуу максатында уюштурулду. Иш-чаранын жыйынтыгында бир катар макулдашуулар кабыл алынды. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

«Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» аталышындагы инвестициялык форум Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо жана инвестиция тармагы боюнча маанилүү макулдашууларды ишке ашыруу максатында Баткен шаарында мамлекеттик деңгээлде биринчи жолу уюштурулду.

Бир канча ай мурун Баткен облусуна өзгөчө макам берилип, Өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Ошондой эле бир катар иш-аракеттер планы бекитилген.

Өлкө аймактары боюнча алгачкы сапарынын алкагында форумга министрлер кабинетинин жаңы төрагасы Акылбек Жапаров да катышып, Баткен облусунда инвесторлор үчүн жеңилдиктер жана кепилдик берилгенин белгиледи.

Анын айтымында, Баткенде ишкерлер салыктын төрт түрүнөн бошотулган.

«Баткен облусунун экономикасын өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ. Сиздерге белгилүү болгондой, Баткен облусунун өзгөчө статусу тууралуу мыйзам жана Өнүктүрүү программасы кабыл алынып, иш-аракеттер планы бекитилген. Мамлекет тарабынан чек ара аймагында иштеген ишкерлерге атайын салык режими түрүндө жеңилдиктер берилет. Ошондой эле өзгөчө инвестициялык режим киргизилген. Министрлер кабинети инвестицияларга мамлекеттик кепилдик берет жана Баткен облусунун инвесторлору үчүн толук амнистия пландаштырылууда. Мындан тышкары мамлекеттик түз сатып алуулардын уруксат берилген босогосу 2 млн сомдон 5 млн сомго чейин жогорулатылат. Бул режимдер – азыркы мезгилде Баткенге инвестициялоо, анын ичинде жергиликтүү ишкерлер үчүн жагымдуу мезгил. Мен жалпыңыздарды бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырам. Негизгиси, «Евростандарт-5» боюнча иш алып баруу керек».

Баткенге барып инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууну каалаган ишкерлерге арзандатылган насыя, салыктык жеңилдетүү боюнча Өкмөтүн программасы иштелип чыгып, ишкерлерге кайрылуу болгонун форумдун катышуучусу «ЖИА» бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров билдирди.

Анын айтымында, алдыда форумда айтылган мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу маселеси турат.

«Негизи форум жогорку деңээлде өтүп жатат, бирок бир күндүк форум менен баары гүлдөп кетет деген нерсе жок. Буга чейин да бир канча форум өткөрүлүп келген, бирок ал өткөндөн кийин эле көп нерсе ишке ашпай калган. Бул жердеги негизги маселе: форумда айтылган мүмкүнчүлүктөр ишкерлерге канчалык жетет. Себеби, Кыргызстанда деле жогорку деңгээлге жеткен ишкерлерибиз бар. «Ошолорго да ушул мүмкүнчүлүктү жеткизе алабызбы, ошондой эле кызыктар болгон ишкерлерге айтылган шартарды түзүп бере албызбы?» деген маселе да бар. Себеби көп учурда өлкөнүн жетекчилери айткан кээ бир маселелер аймактарга барганда иштебей калган учурлары да бар. Алдыда эми канчалык ишке ашырып кетебиз деген маселе турат».

Дүйнө жүзүндөгү пандемиядан кийинки экономикалык кризис, Баткендеги акыркы чек ара окуялары облустун социалдык экономикалык абалын начарлаткан. Аны жоюу максатында Өкмөттүн атайын программасы иштелип чыгып, ишкерлерге кайрылуу жасалды. Ошондой эле Кыргыз өкмөтү  ишкерлерге конализация, суу, электр энергиясы боюнча бардык маселени чечип берүүнү мойнуна алды.

Форумда Баткенди ар тармактуу өнүктүрүү боюнча бир канча долбоор сунушталып, 5-6 кызматташуу меморандумуна кол коюлганын Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Аскарова билдирди.

«Донорлор өздөрүнүн сунуштарын берип жатышат. Бул кичи ГЭСтерди куруу, кайра иштетип чыгаруу, өрүктөрдөн экопродукция чыгаруу, тигүүчү цехтерди куруу, чакан ишканаларды куруу жана башка ар тармактуу бир топ инвестициялык долбоорлор түшүүдө. Аны менен кошо 5-6 иштешүү меморандумуна кол коюлду. Анын ичинде Түркиянын өкүлчүлүктөрү да бар. Мамлекет тараптан өзгөчө макам берүү кабыл алынган, андан тышкары Өкмөттүн Баткен облусун өнүктүрүү боюнча программасы кабыл алынды. Эми, негизги маселе ошол программаны ишке ашыруу жана 500 млн сомду бөлүп берүү».

Акылбек Жапаров билдиргендей,Форумда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана макулдашуулардын жыйынтыктары боюнча жаңы жылга чейин Өкмөттүн отуруму Баткенде өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM