Биз менен байланышыңыз

Бүгүн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү

Кыска кабар | 12 Дек 2020 | 850 | 0

Бүгүн, 12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана улуу акын Алыкул Осмоновдун каза тапкан күнү. Мындан улам Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, Кыргыз Республикасынын эл акыны Эгемберди Эрматов «12-декабрды Улуттук адабият күнү деп атоо жөнүндө» токтом долбоорун демилгелеп, 2011-жылдын 28-январында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыккан. Токтом долбоор бир добуштан кабыл алынып, ошол күндөн тарта 12-декабрь расмий түрдө Улуттук адабият күнү катары белгиленип келет.

Буга байланыштуу саамалык быйыл да А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков баштаган бийлик өкүлдөрүнүн жана бир катар адабият, маданият ишмерлеринин катышуусунда өткөрүлөрү кабарланды. Жылдагы иш-чаралардан айырмаланып, быйылкы салтанатта Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынын негизинде даярдалган спектакль коюлат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси жана колдоосу менен адабий коомчулукка тартууланганы турган спектаклдин А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасына коюлуп калышына Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы себеп экенин министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Айта кетсек, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө (12-декабрь) карата аудио китептер жыйнагы жарык көрдү.

Жыл сайын декабрдын экинчи жумасынан баштап, залкар жазуучу Айтматовду эскерүү иш-чаралары өтөт. Быйыл бардык чыгармалары үн коштолуп, диск түрүндө чыгарылды.

Китептин аудио версиясын «5-каналдын» башкы директору, журналист  Эрнис Кыязов окуган. Интернет булактарында кыргызча аудио китептердин саны салыштырмалуу аз болгондуктан Айтматовдун чыгармаларын аудиолоштурган.

Айтматовдун китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, жер шарынын 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM