Биз менен байланышыңыз

Фрунзе музейинде ала кийиз, шырдак көргөзмөсү өтөт

Кыска кабар | 25 Сен 2019 | 562 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 26-28-сентябрында Фрунзе атындагы борбордук музейде ала кийиз, шырдактардын көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу аталган музейдин маалымат кызматы билдирди.

Көргөзмөнүн алкагында атайын чеберчилик сабактар да уюштурулат. Аны жети облустан келген жети уз өткөрөт. Чеберчилик сабактар аталган күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин акысыз көргөзүлүп, анын алкагында бейформал маектешүүлөр да орун алат.

Белгилей кетсек, 2012-жылы кыргыздын шырдак жана ала кийизи ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий баалуулуктар тизмесине катталган.

Copyright © 2017 Maral FM