Биз менен байланышыңыз

Катар мамлекетинде туш кийиздер көргөзмөсү өтүүдө

Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында эл аралык маданий долбоорлордун жетекчиси Гүлжан Иреш уюштурган «Боз жол» деп аталган кыргыз салттык туш кийиздер көргөзмөсү өтүп жатат. Аталган көргөзмө 10-апрелде башталган. Бул тууралуу Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Көргөзмөгө «Саймалуу-Таш» арт-галереясынын чеберлери даярдаган отуздан ашуун туз кийиз коюлду. Мындагы башкы максат: Катар мамлекетинде кыргыз маданиятын таанытуу жана өркүндөтүү.

Бул иш-чара 16-апрелге чейин уланат.

Copyright © 2017 Maral FM