Биз менен байланышыңыз

Катардан келген дарыгерлер угуусу начар 29 балага акысыз операция жасайт

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 455 | 0

Бүгүн, 24-июндан тарта Катардан келген дарыгерлер 5 күн бою (24-28-июнь күндөрү) кыргыз адистери менен биргеликте угуусу начар балдарга акысыз операция жасап башташат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук эне-баланы коргоо борборунда Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Аль-Сулайти жана катардык дарыгерлер менен жолугушту.

Операция жүргүзүү Катар мамлекетинин Кайрымдуулук министрлигинин демилгесинин аркасында ишке ашууда. Бардык чыгымдарды Катар каржылайт. Кыргыз адистеринде ушул сыяктуу операция жүргүзүүнү үйрөнүү жана тажрыйба алмашуу жолу менен өздөрүнүн дараметин арттыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Эскерте кетсек, Катар мамлекети жалпысынан балдар үчүн 150 кохлеардык имплант бөлөт. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 50 операция жасалат, калганы 2022-2023-жылдары жүргүзүлөт. Зарыл болсо, кошумча дагы 50 имплант бөлүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Copyright © 2017 Maral FM