Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 115 миң адам коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 378 | 0

Кыргызстанда 1-июлга карата COVID-19га каршы вакцинаны жалпы 115 миң 782 жаран алды. Алардын ичинен 78 миң 981 жаран вакцинанын экинчи дозасын сайдырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн суткада 4 миң 472 адам вакцинанын биринчи дозасын, 979у экинчи дозаны алышты.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Кытай вакцинасын эки этап менен алуу каралган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Андан соң 22-апрелде Кыргызстанга Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келген. Аны алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын Баатыры, эмгек сиңирген дарыгер, хирург Мамбет Мамакеев алган.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы июль айынын ортолорунда келери күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM