Биз менен байланышыңыз

Түркия Кыргызстанга 150 миң доза Sinovac вакцинасын берет

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 412 | 0

7 -сентябрда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен кездешти.

Жолугушууда тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, мамлекеттик Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасын башкаруу маселесин талкуулашты.

Баарлашуу учурунда элчи Ахмет Садык Доган Түркия гранттык негизде Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза вакцина берерин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM