Биз менен байланышыңыз

Экономика министрлигинин кызматкерлеринин 50%ы эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 284 | 0

Экономика жана финансы министрлигинин кызматкерлеринин 50,6 %ы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу экономика жана финансы министринин орун басары Жарасул Абдураимов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, министрликте учурда 4 миң 722 кызматкер иштейт.

“Бүгүнкү күндө COVID-19га каршы вакцина алгандардын саны 2 миң 392 адам (50,6%), алардын ичинен борбордук аппараттан – 60, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдөн – 2 миң 332 эмделди”, — деди Абдураимов.

Абдураимов белгилегендей, 845 кызматкердин (17,9%) вакцина алууга каршы көрсөтмөлөрү бар. Ал эми 516 (10,9%) кызматкерлер соңку алты айдын аралыгында ооруга чалдыккандар. Ошону менен вакцина ала элек кызматкерлердин саны 969 (20,6%) адам.

Copyright © 2017 Maral FM