Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын алгандар 518 миңден ашты

Кыска кабар | 11 Сен 2021 | 354 | 0

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 12 миң 409 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 913 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 496 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 731 миң 693 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 518 миң 257 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Copyright © 2017 Maral FM