Биз менен байланышыңыз

«Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 692 | 0

Орусия өндүргөн коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда жана Арменияда өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Жогорку Евразия Экономикалык Кеңешинин видео-конференция форматында өткөн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, «Спутник V» вакцинасын өндүрүү Казакстанда жана Беларусияда ийгиликтүү ишке ашырылды.

«Коронавирус менен күрөшүүдө натыйжалуу ата мекендик дары пайда болду. Жыл аягына чейин ЕАЭБдин эксперттери биздин өлкөлөрдү коронавирусту дарылоо үчүн гана эмес, башка стратегиялык маанилүү дары-дармек менен камсыздоо боюнча иш-чаралар планын даярдашы керек. Чындыгында, жакынкы келечекте улуттук системанын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жетиштүү көлөмдө натыйжалуу дары-дармектерди өндүрүүнү уюштуруу жөнүндө сөз жүрүп жатат», — деди Путин.

Мындан тышкары, Орусия президенти дары-дармек коопсуздугу жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруу маанилүүлүгүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM