Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада жети миң адам коронавируска каршы вакцина алды

Кыска кабар | 26 Сен 2021 | 375 | 0

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавируска каршы 7 миң 266 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 891 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 375 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 802 миң 841 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 597 миң 676 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кошумчалай кетсек, октябрдын ондоруна чейин Кыргызстанга Pfizer вакцинасы алынып келинет. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин элге «Синофарм», «Спутник V», AstraZeneca вакциналары жеткиликтүү болуп келген. Эми COVAX программасынын алкагында башка вакциналарды дагы элге сунуштаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Маалыматка караганда, Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келет. Ал эми «Синофарм» вакцинасынан 110 миң доза келет.

Ишенапысова: Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келиши күтүлүүдө

Copyright © 2017 Maral FM